Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1,084 Бардыгы / Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин орус паспортун алып, бирок Украинадагы согушка баруудан баш тарткан мигранттарды жарандыктан ажыратууну сунуштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. “Аларды атайын аскердик операцияга тартуу керек деп ойлойм. Орусиянын жараны болуп туруп өзүнүн аскердик милдетин аткарууга даяр эмес болсо, анда мындай адамдарды жарандыктан ажыратуу зарыл”, – […]
1,085 Бардыгы / Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин орус паспортун алып, бирок Украинадагы согушка баруудан баш тарткан мигранттарды жарандыктан ажыратууну сунуштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. “Аларды атайын аскердик операцияга тартуу керек деп ойлойм. Орусиянын жараны болуп туруп өзүнүн аскердик милдетин аткарууга даяр эмес болсо, анда мындай адамдарды жарандыктан ажыратуу зарыл”, – […]
УКРАИНАДАГЫ СОГУШКА КАТЫШУУНУ КААЛАБАГАН МИГРАНТТАРДЫ ОРУС ЖАРАНДЫГЫНАН АЖЫРАТУУ СУНУШТАЛДЫ
20.10.2023 / Автор anarkan_kg1,086 Бардыгы /
Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин орус паспортун алып, бирок Украинадагы согушка баруудан баш тарткан мигранттарды жарандыктан ажыратууну сунуштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
“Аларды атайын аскердик операцияга тартуу керек деп ойлойм. Орусиянын жараны болуп туруп өзүнүн аскердик милдетин аткарууга даяр эмес болсо, анда мындай адамдарды жарандыктан ажыратуу зарыл”, – деди Бастрыкин.
Кремл Украинадагы согушка мигранттарды жөнөтүп жатканы алгач бир жыл мурда белгилүү болгон. 2022-жылы октябрда укук коргоочу Валентина Чупик Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда мигранттар кол коюшу керек болгон документтердин арасына согушка катышуу тууралуу келишимди да тымызын кошуп жиберип жатышканын айтып чыккан. Быйыл августта Орусиянын бир нече аймагында жакында эле орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбаган эркектерди аныктоо боюнча рейддер өткөн.
Кийинчерээк Украинадагы согушка эркек мигранттар гана эмес, аялдар да тартылып жатканы белгилүү болгон. Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган аялдарга көп маяна убадалап, Украинанын оккупацияланган аймактарындагы аскердик бөлүктөрдө медайым же ашпозчу болуп иштөө сунуштала баштаган.
Орусиянын президенти Владимир Путин “Орусия Федерациясынын жарандыгы тууралуу” мыйзамдын жаңы редакциясына быйыл апрелде кол койгон. Ага ылайык, жапырт башаламандыктарга катышкандар, митингдер тууралуу мыйзамды кайталап бузгандар, “чет элдик агент” мыйзамын аткарбагандар, согуш тууралуу “жалган маалымат” тараткандар, орус армиясын “дискредитация” кылгандар жана аскердик кызматтан баш тарткандар орус жарандыгынан ажыратылат.
Документте мындай чара жарандыкты төрөлгөндө эмес, кийин алгандарга карата колдонулары белгиленген. Орусиянын Конституциясына ылайык, өлкөнүн аймагында төрөлгөн адамды жарандыктан ажыратууга болбойт.
Бул мыйзам боюнча жарандыктан ажыратылгандар кайра орус жарандыгын алуу өтүнүчү менен тиешелүү органдарга үч жылдан кийин гана кайрыла алышат.
Орусияда 2017-жылы терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондорду жарандыктан ажыратуу тууралуу мыйзам кабыл алынган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
06.09.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНДА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
-
04.09.2024 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИН ТУРГУНУ ҮЙҮНДӨ МАҢЗАТ ӨСТҮРГӨН
-
-
14.09.2023 / Автор anarkan_kg Максатбек СИДИКОВ: “ДИН ЖОЛУНДА АДАШКАНДАР ДЭЭРЛИК ТЫЙЫЛДЫ!”
-
21.09.2023 / Автор anarkan_kg ИНТИМДИК СҮРӨТТӨРДҮ ИНТЕРНЕТКЕ ЧЫГАРАМ ДЕП ШАНТАЖ КЫЛГАН АДАМ КАРМАЛДЫ
Маек
Жакып МАМАЖАНОВ: “АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ТАЖРЫЙБАЛАРДЫ ЖАНА ЗАМАНБАП УСУЛДАРДЫ МЕКТЕПТЕРДЕ КЕҢИРИ ЖАЙЫЛТКАНГА БЕКЕМ ЫКТАДЫК!”
Республикабыздын бардык булуң-бурчундагыдай эле Ош облусунун Араван районунда дагы агартуучулар…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.