Аймак

БАТКЕНДЕ ТАЖИКСТАНДАН МЫЙЗАМСЫЗ СПИРТ ТАШЫП КЕЛЕ ЖАТКАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

БАТКЕНДЕ ТАЖИКСТАНДАН МЫЙЗАМСЫЗ СПИРТ ТАШЫП КЕЛЕ ЖАТКАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 1,803 Бардыгы /

БАТКЕН. Баткен жергесинде аткезчилик жолу менен спирт ташыган Лейлек районунун жараны кармалды. Бул туурасында Баткен облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери ыкчам маалыматтардын негизинде аткезчилик жолу менен мыйзамсыз спирт ташыган Лейлек районунун тургуну 27 жаштагы С.К.ны кармашты. Ал жеңил-желпи акча табуу максатында эч кандай документи жок мыйзамсыз спиртти Тажикстандан алып келип, Баткен шаарынын аймагында өзүнүн автоунаасында 1 тонна 150 литр спирт жүктөп бара жаткан жеринен кармалды.

Бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 240-беренесинин (“Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү”) негизинде сотко чейин өндүрүш иши башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Экспертизанын корутундусунда 95 пайызы этил спирти экендиги аныкталып, учурда тергөө амалдарыабдан кызуу жүргүзүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17