Аймак

ТОКТОГУЛ ГЭСин КАЙТАРУУДА КЫЗМАТ ӨТӨП ЖАТЫП ШЕРИГИН АТЫП КАЧЫП КЕТКЕН ЖООКЕР КАРМАЛДЫ

ТОКТОГУЛ ГЭСин КАЙТАРУУДА КЫЗМАТ ӨТӨП ЖАТЫП ШЕРИГИН АТЫП  КАЧЫП КЕТКЕН ЖООКЕР КАРМАЛДЫ

 1,161 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 21-ноябрда болжол менен саат 16.00 чамаларда, Токтогул ГЭСтери каскадында күзөттө кызмат өтөп жатып, катардагы жоокерди атып качып кеткен шектүү Б.У. кармалды.

Жалал Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, шеригин атып, качып кеткен жоокерди кармоого ОИИБдин жетекчилиги жана атайын түзүлгөн тергөө-ыкчам тобу, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкерлери катышып, алар тарабынан жоокер Б.У.нун Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак жайлардын биринин чатырында жашынып жаткан жери аныкталып, сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүлдү. Качып кеткен жоокердин жанынан куралы да алынды.

Белгилеп кетүүчү жагдай, 2023-жылдын 20-ноябрь күнү болжол менен саат 06.10 чамаларда Токтогул ГЭСтери каскадынын автобазасында жайгашкан №2 постунда күзөттө кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, Бишкек шаарынын тургуну 2002-ж.т. Б.У. өзү менен чогуу кызмат өтөп жаткан жоокер Ош облусунун тургуну 2003-ж.т. Т.С. менен пикир келишпестиктен улам колундагы кызматтык ок атуучу куралы менен атып, окуя болгон жерден куралын кошо алып белгисиз тарапка качып кеткен.

Азыркы учурда кармалган жоокер Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17