Аймак

АРАВАНДА АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН МУРУНКУ БАШЧЫСЫ МЫЙЗАМСЫЗ ЖЕР БӨЛҮШТҮРҮҮГӨ ШЕК САНАЛЫП КАРМАЛДЫ

АРАВАНДА АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН МУРУНКУ БАШЧЫСЫ МЫЙЗАМСЫЗ ЖЕР БӨЛҮШТҮРҮҮГӨ ШЕК САНАЛЫП КАРМАЛДЫ

 1,260 Бардыгы /

    Ош облусунун Араван районуна караштуу Санталат Юсупов айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы «Жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берген» деп шек саналууда. Ошондуктан. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кармалды.

    УКМКнын расмий маалыматына караганда.  Аталган жер тилкесинин баасы 11,8 миллион сом экендиги аныкталды. Шектүүнүн үстүнөн Кылмыш-Жаза Кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду.

    Баса, атайын кызмат бул ишке тиешеси бар башка жооптуу кишилерди дагы аныктоо аракети улантылып жаткандыгын кошумчалады.  Кабарчыбыз шектүүдөн, же анын жакындарынан азырынча комментарий ала ала элек.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17