Аймак

ӨЗГӨНДӨ ЖАШТАРДЫН МАДАНИЙ БОРБОРУ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

ӨЗГӨНДӨ ЖАШТАРДЫН МАДАНИЙ БОРБОРУ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

 915 Бардыгы /

    Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылында CASA-1000 долбоорунун алкагында АРИС уюму тарабынан 210 орундуу жаштардын маданий борбору курулуп, пайдаланууга тапшырылды.

    Аталган иш-чарасынын ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов, жергиликтүү бийликтин жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн активи. жергиликтүү Кеңештин депутаттары жана айыл тургундары катышышты. Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаевдин атынан элеттиктерди жаңы жаштардын маданий борборунун ачылышы менен чын ыкластан куттуктап, калкты маданий жактан тейлөөдө мыкты шарттардын жаралганын, жаштардын идеяларын жана мыкты демилгелерин ишке ашырганга мыкты аянтча боло тургандыгын баса белгиледи.

    МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ: CASA-1000 долбоорунун алкагында АРИС уюму тарабынан айылдык жаштардын маданий борборун курууга 75 миң АКШ доллары, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1 миллион сом, Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан 1 милион сом каражат бөлүнүп, кыска мөөнөттө бүткөрүлдү.


          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17