Аймак

Давранбек ШАМШИДИНОВ: “НУРАБАДКА ИЧКИ ЖАНА ТЫШКЫ ИНВЕСТОРЛОРДУ ТАРТУУ АРАКЕТИБИЗ АБДАН КҮЧ!”

Давранбек ШАМШИДИНОВ: “НУРАБАДКА ИЧКИ ЖАНА ТЫШКЫ ИНВЕСТОРЛОРДУ ТАРТУУ АРАКЕТИБИЗ АБДАН КҮЧ!”

 660 Бардыгы /

Ош облусунун Араван районуна караштуу Нурабад Айыл Өкмөтү Дүйнөлүк жана Ата Мекендик инвесторлор менен ийиндеше иштешүүнү соңку кезде абдан активдештирди. Бул аркылуу аймак чоң-кичине маселелерден бара-бара кутулуп дагы жаткан чагы. Бул туурасында аталган Айыл Өкмөтүнүн башчысы Давранбек ШАМШИДИНОВ кабарчыбызга курган маегинде шардана кылды.

Давранбек мырза, биздин байкашыбызча, Сиздер заман талабына

жараша ушул тапта тышкы жана ички мүмкүнчүлүктөрдү куп гана пайдаланып жатыпсыздар?

-Ананчы! Айыл Өкмөтүбүздүн бардык кыштактарынын ички көчөлөрүнө таза суу түтүктөрүн – куурларын тарттык. Буга улай төрт суу бекетин кошо орноттук. Мунун натыйжасында 390 кожолук ичилүүчү таза суу менен толук кандуу камсыз этилди. Окуучулардын саны улумдан улам көбөйгөндүктөн, З. Розахунова атындагы орто мектепке 200 орундуу кошумча имарат курулуп, акыры пайдаланууга тапшырылды. Биринчи долбоорубузга 3,7 милион сомду жергиликтүү бюджеттин жана дагы дүйнөлүк Ас-Сафа коомдук Фондунун эсебинен короттук. Ал эми экинчи долбоорубузга 19 миллион сом сарпталды. Мунун 3 миллион сому Нурабад Айыл Өкмөтүнүн, анан дагы 7 миллион 800 миң сому Ош облустук өнүктүрүү Фондунун, ал эми калган каражаттар Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Дем берүүчү грантынын эсебинен каржыланды.

     Көрдүңүздөр го. Кайрагач-Арык айыландагы Маданият үйү дээрлик эскирген эле. Ошондуктан, анын алдында заманбап жаштар аллеясы ишке киргизилди. Буга дагы жергиликтүү бюжеттен жана дагы Дүйнөлүк Ага хан фондунан 220 миң сом короттук. Ушул эле кыштактагы №5-/й-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эскирген имаратын 7 735 785 сом сарптап, заманбап кылып сонун жаңыладык. Буга Ата Мекендик АРИС уюму аябай көмөктөштү.

Олуттуу көйгөйлөрдөн деле куру эместирсиздер?

-Албетте! Какыр-Пилтан айылында эмдигиче бала бакча жок! Бирок, бөбөктөр жыл сайын улам көбөйүп гана баратат. Аткени, кыштакта 485 кожолук жансактайт. Ошол себепетүү республикалык бюджеттен балдар бакчасынын курулушуна 21 миллион сом сураштырып жатабыз.

    “Мир” насостук суу бекети ушул тапта капиталдык оңдоп-түзөөгө абдан муктаж. Муну үчүн дагы республикалык бюджетке 20 миллион сомдук долбоор жаздык. Ганиев насостук суу бекети дагыле кудум ушундай таз кейипте. Ага 1,2 миллион сом бөлүштүрүүнү өтүнүп жатабыз. Анан дагы Кайрагач-Арык айылындагы турмуш-тиричилик тейлөө үйүнө капиталдык  ремонт жасамакчыбыз. Муну үчүн деле 3 миллион 22 миң сом абзел! Жергиликтүү бюджеттен акча караштырдык. Эми Каржы министрлигинен Дем берүүчү грант эсебинен даы 3 миллион 32 сиң сом сурап жатабыз.

    Албетте, жогорудагы көйгөйлөрдү  ыкчам четтетүүгө жетиштүү каражаттар ажыратылса, проблемалардан жакын арада арылууга өбөлгө жаралмакчы. Буга мен бөркүмдөй ишенем!

Давранбек мырза, жумушсуз колоктоп жүрүшкөн

жердештериңиздерди дагы иш менен камсыз кылуу жагы кантти экен?

-Кайрагач   джеттен балдар бакчасын алык бюж. жокиздерди. талды. кыштагында жердешибиз З. Иминова пескоблок өндүрүүчү

цех ачты. Д. Мирзараимов ширетүүчү жайды жумушка чегерди. Р. Орунбаева атоунаа жууп-тазалоо менен алектенүүдө. Какыр-Пилтан кыштагында чайкана элди маданияттуу тейлеп жатат. Ал эми М.  Шамшидинова  аялдар кийимин соодалаган дүкөнүн иштетип жаткан чагы. Буга улай И. Шамшидинова турмуш-тиричиликке күнүмдүк керектелүүчү буюм-тейимдерди дагы тынымсыз соодалайт. Лаңгар айылында М. Яркинов соода дүкөнүн ишке киргизди. А К. Хурбаев дагы күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатып жатат. Буларда жалпысынан жүздөгөн адамдар эмгектенип атышат. Бизде жумушсуздук меслеси дал ушинтип чекесинен гана жайгарылып келатат.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

    Ош облусунун Араван районуна караштуу Нурабад Айыл Өкмөтү чачкын жайланышкан Нурабад, Кайрагач-Арык, Какыр-Пилтан, Лаңгар айылдарынан куралган. Аймакты ушул тапта 1890 кожолук. А жалпысынан 9747 адам байырлашат.


          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17