Аймак

КҮБӨЛҮГҮ ЖОК ӨСПҮРҮМДҮН АТАСЫНА 15 000 СОМ АЙЫП САЛЫНДЫ

КҮБӨЛҮГҮ ЖОК ӨСПҮРҮМДҮН АТАСЫНА 15 000 СОМ АЙЫП САЛЫНДЫ

 702 Бардыгы /

ОШ. Айдоого укугу жок өспүрүмгө унаа каражатын бергендиги үчүн өспүрүмдүн атасына 15 000 сом айып салынды.

ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, социалдык тармактарда 7-класстын окуучусу жаш балдарды салып алып, күбөлүгү жок унаа башкарып жатат деген видео тасма жарык көргөн.Бул маалымат боюнча  Ош облусунун  Ноокат районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, авто унааны таап, айдоочусу жаш өспүрүм болгондуктан ага унааны башкарууга бергендиги үчүн атасына 15 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына киргизилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ата-энелерден балдарды кароосуз калтырбоону жана айдоочулук күбөлүк албайынча аларга унаа каражатын башкарууга бербөөнү өтүнөт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17