Аймак

ДОКУМЕНТТЕРДИН ЖАСАЛМАСЫН ЖАСАГАН АДАМ КАРМАЛДЫ

ДОКУМЕНТТЕРДИН ЖАСАЛМАСЫН ЖАСАГАН АДАМ КАРМАЛДЫ

 813 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абадда жер тилкелерине байланышкан алдамчылык фактысынын бети ачылды.
2023-жылдын 15-ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда, 2022-жылдын август айларында Сузак районунун Благовещенко айылынан жаран Т.А.дан 6 сотых жер тилкесин 350 000 сомго баалашып, кызыл китеби жок, долбоор менен сатып алып, 2023-жылдын апрель айында үй салуу үчүн фундамент куруп баштаганда башка ээси чыгып талаша баштагандыгын билдирип, Т.А.га карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү
саранган.
2023-жылдын 13-ноябрь күнү аталган факты Жалал-Абад ОИИБдин
маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө жаран Т.А. Сузак районунан жер тилкелерин алып-сатып иштеп келгендигин, жогорудагы айтылган Сузак районунун Благовещенко айылына караштуу бош жерден 6 сотыхтан эки жер тилкесинин бирөөсүн 350 000 сомго, бирөөсүн 550 000 сомго эки долбоор менен айылдашы 1995-жылы туулган М.Б.дан 2022-жылдын август айында сатып
алып, бирөөсүн айылдашына сатып акчасын М.Б.га бергендигин билдирген. 2023-жылдын 21-ноябрь күнү аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында алдамчылык фактысына шектүү
катары Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1995-жылы туулган М.Б. экендиги аныкталган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу менен буга чейин козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары Ош шаарындагы тергөө абагында отурат. Ыкчам тергөө амалдарынын натыйжасында шектүүнүн
алдамчылык фактысы боюнча күнөөсү толугу менен далилденип, тергөө тарабынан айыбы угузулду.
Андан сырткары жогоруда көрсөтүлгөн жабырлануучунун атына берилген долбоорго тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында жасалма экендиги далилденген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин (Документтердин жасалмасын жасоо) негизинде кылмыш иши
козголуп, тергөө амалдары башталып, шектүү катары Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Сузак айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы орун басары болуп иштеген 1969-жылы туулган Х.У. кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17