Аймак

Жолдошбай МАМИЕВ: “ЖУРНАЛИСТТЕР – ТАРЫХТЫН ЛЕТОПИСИ!”

Жолдошбай МАМИЕВ: “ЖУРНАЛИСТТЕР – ТАРЫХТЫН ЛЕТОПИСИ!”

 699 Бардыгы /

Соңку кезде каран калгыр каржынын кесепетинен Аймактык айрым гезиттер дээрлик жабылды. Анткени менен кыйчалыш заманда эптеп эбин таап, жалпыга маалымдоо каражаттарын үзгүлтүксүз чыгарып келаткандар арабызда дагыле бар.  Булардын бири – Ош облусуна караштуу Кара-Суу райондук “Эмгек майданы ”гезитинин башкы редактору Жолдошбай МАМИЕВ. Биз тажрыйбалуу кесиптешибизди өз кеңсесинде иш үстүндө гана кармап, дароо эле кепке тарттык.

-Жолдошбай мырза, Сиз адепки эмгек жолуңузду Жалал-Абад облусундагы Чаткал райондук “Чаткал оттору” гезитинде иштеп баштагансыз. Климаты кескин катаал өрөөндө ийиндеше иштешкен ошогездеги кесиптештериңиз менен азыр деле байланышып тургандырсыз?

-Албетте, Кыргыз эли айтмакчы, эски достор эзели эстен кетпейт. Агезде “Чаткал оттору” райондук гезитинин башкы редактору Бактыбек Дилдебаев эле. Азыркы Кыргыз Эл акыны Атантай Акбаров – башкы редактордун орун басары, ал эми анын жубайы Өктөм Калыева – радио бөлүмүнүн башчысы, Камчыбек Камбарбеков жана Советбек Абасбеков – кабарчылар эле. Наша компания помогает взять займ безработным без отказа на карту срочно за несколько часов. Нужно заполнить заявку и дождаться ответа МФО.

Ошентип, өлкөбүздүн ар аймактарынан кошулгандар аталган ЖМКга чогулуп, кыйын кезеңде өтө ынтымак-ырашкерчиликте гана ийиндеше иштештик. Эң башкысы: биздин чыгармачылык тушообуз дал ушул гезит аркылуу кесилди. Баарыбыз тең бара-бара такшалып, андан ары камчы салдырбастан иштегенге жарадык.

-Айтмакчы, Сиз ушул тапта Ош облусундагы гана эмес бүтүндөй Кыргызстандагы эң эле чоң Кара-Суу райондук “Эмгек майданы” гезитинде эмгектенип жатасыз. Дегиңкиси бүгүнкү рыноктун катаал шартында кыйналып-кысталбай элде турасыздарбы?

-Бизде Кудайга шүгүр.Байкагандырсыз. Каржы кааатчылыгынын кесепетинен Баткен жана Жалал-Абад облустарынын райондук гезиттери дээрлик жарык көрбөй жабылып калышты. Ал эми биздечи? Ош облусундагы жети райондук гезиттер тең басма сөз трибунасы сыңары үзгүлтүксүз гана чыгып келатат. Албетте, мында жергиликтүү жетекчилердин, айрыкча райондордун акимдеринин мээнети абдан чоң десем эч жаңылышпаймын!

-Баса, азыркы кыйчалыш шартта Сиздердин окурмандарыңыздар көбөйдүбү? Же тескерисинче, азайдыбы? Эмне үчүн?

-Мактангандык эмес! Бирок, биздин туруктуу окурмандарыбыз дагыле бар. Азырынча – булар 2500 адам. Ошолордун гана табитине ылайыкташтырып гезитибизди Бишкек шаарындагы “ЖМКларды колдоо борбору” Фондунун заманбап басмаканасынан кара жана түстүү форматта үзгүлтүксүз чыгарып келатабыз.

-Баса, “Эмгек майданы” гезитинде сөз эркиндиги жайында бекен? А  кеп жоопкерчилиги канчалык даражада? Дегеним, тээ Совет доорунда, танып не, басма сөздүн ролу жана кудурети өтө күчтүү эмес беле. Маселен, чоң-кичине ар бир сын материал компартиянын бюросунда каралып, тиешелүү аткаминерлер абдан аеосуз жазаланчу. А азырчы? Сиздердин сыныңыздарга Бийлик реакциясы канчалык?

-“Эмгек майданы” гезитинин ээси – Кара-Суу райондук мамлекеттик акимчилиги. Ошентсе дагы, районубуздун жетекчилиги редакциябыздын ички-тышкы ишине түздөн-түз, же кыйыр түрдө таптакыр кийлигишпейт. Анткени, Кудайга шүгүр, бизде сөз эркиндиги жайында. Ал эми гезитибизде сындалган жетекчилерге өздөрүнө ылайык мыйзам чегинде жаза колдонулат. Же болбосо, кемчиликти оңдоп-түзөгөнгө мөөнөттөр берилет.

Тилекке каршы, Инстрагам, Фейсбук жана Интернер сайттар

кичинекей өлкөбүздү кара таандай эле каптабадыбы. Мен деле буга эч каршы эмесмин! Бирок, чындыкты моюнга алуубуз кажет, Кыргызстанда кептин жоопкерчилиги ашкере төмөндөдү. Анан мындай ээнбаштарга мыйзам чегинде гана катаал чаралар көрүлсө эле, “Кокуй! Сөз эркиндиги коркунучта!” деп жөнсүз ызы-чуу салганга бекем ыктадык. Менимче, бул адат дегеле туура эмес! Жөн эле бет тырмаакчылык! Айтылган сөз – атылган ок! Анткени, чоңбу-кичинеби, ар кандай сын материалда Адам тагдыры жатпайбы. Ошондуктан, жазгандарына ар бир журналист сөзсүз түрдө жооп дагы берүүгө тийиш!

-Жолдошбай мырза, Сиз башкы редактор сыңары райондук “Эмге майданы” гезитинин болочогун деги эмнеден көрөсүз? Заман талабына жараша Сиздер деле өзүнчө сайт ачып албай белеңиздер?

Алишер мырза, журналисттер, айрыкча гезиттер – тарыхтын летописи. Жылдардын бир жылдарында бүгүн күнү тууган Интернет сайттар, Фейсбук жана Инстаграм доору деле акыры сөзсүз түгөнөт. Баары тең өчөт. Алардын бирин дагы таппай калабыз. Ал эми гезиттерде жазылган материалдар мамлекеттик архивде түбөлүк сакталат. Мындайча айтканда, ал – тарых. Аны өчүрө дагы, бурмалай дагы албайсың! Байкагандырсың. миңдеген жылдардан кийин Америка Кошмо Штаттары деле ушуга – гезит чыгарганга кайтып атпайбы….

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

          Маектешибиз Кара-Суу райондук “Эмгек майданы ”гезитинин башкы редактору – Жолдошбай МАМИЕВ 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Таанымал басма сөз кызматкерлери Болотбек Макетаев, Мелис Турусбеков, Бурулкан Карагулова, Нуркалый       Акчуриев жана дагы Кубанычбек Жумабаев менен чогуу-чараан  окуган.

          Жолдошбай МАМИЕВ- үч уул, эки кыздын атасы. Жубайы Чолпон ТАШБАЕВА – үй кызматкери.

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17