Аймак

ӨЗГӨНДӨ АЙЛАНМА ЖОЛ КУРУЛАТ

ӨЗГӨНДӨ АЙЛАНМА ЖОЛ КУРУЛАТ

 687 Бардыгы /

          Буга дейре президент Садыр Жапаров Өзгөн шаарын айланып өткөн айланма жол куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун жүзөгө ашыруу жөнүндөгү жарлыкка кол койгон. Ошондуктан, Өзгөн айланма жолун куруу үчүн Кара-Дарыя өзөнүнүн жээктери бүт бойдон катарынан бекемделүүдө.

          Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай чечим Бишкек — Ош автоунаа жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол кыймылын азайтуу максатында гана кабыл алынган. Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке айланма жолду салуу үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо жана жол куруу маселесин дыкаат иштеп чыгуу тапшырылган эле. Анын негизинде айланма жол өтүүчү Кара-Дарыянын эки жээгин бекемдөө иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ушул тапта кызуу колго алынды.

          Соңку сааттарда жумуштун жүрүшү менен өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов жеринен кабар алып, а түгүл тийиштүү тапшырмаларды дагы берди. Ушул тапта ӨКМ тарабынан жалпы 26 техника бөлүнүп, Кара-Дарыя өзөнүнүн сол жээгин бекемдөө иштери абдан кызуу жүрүп жатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17