Аймак

КЫРГЫЗ ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ ЖЫЛКЫЛАРДЫ ЧЕК АРАДАН МЫЙЗАМСЫЗ АЛЫП ӨТҮҮ АРАКЕТИНЕ БӨГӨТ КОЮШТУ

КЫРГЫЗ ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ ЖЫЛКЫЛАРДЫ ЧЕК АРАДАН МЫЙЗАМСЫЗ АЛЫП ӨТҮҮ АРАКЕТИНЕ БӨГӨТ КОЮШТУ

 966 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы үстүбүздөгү  жылдын 7-январында Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары жылкыларды чек арадан мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюшкандыгын маалымдады.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Там жергесинде чек арачылар К. уулу А. аттуу 1999-ж.т. Сөгөт айылынын тургунун кармашкан. Кыргызстандын жараны үч жылкыны Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган. Буга дейре бир күн мурун Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ноошкен жергесинде мамлекеттик чек ара сызыгынан Өзбекстандан Кыргызстанга чек араны кесип өткөн белгисиз жаранды чек арачылар байкашкан. Мамлекеттик чек араны бузуучуну кармоо учурунда чек ара кезмети ал жаран таштап кеткен эки баштыктагы дарыларды дагы табышты. Эркек адам Кыргызстандын аймагына жашырынып кеткенге жетишкен.  Ушул тапта аткезчини издөө жараяны дагыле улантылууда.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, аткезчилик менен алынып өтүүгө аракет кылынган жаныбарлар менен дарылардын жалпы суммасы болжол менен 700 000 сомдон ашуун экендиги аныкталды.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17