Аймак

УКМК ТАШОВ МЕНЕН КУДАЙБЕРГЕНОВДУН ТАРАПТАШТАРЫ КАРМАЛГАНЫН БИЛДИРДИ

УКМК ТАШОВ МЕНЕН КУДАЙБЕРГЕНОВДУН ТАРАПТАШТАРЫ КАРМАЛГАНЫН БИЛДИРДИ

 498 Бардыгы /

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ишкер Имамидин Ташов менен чет өлкөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайбергеновдун өлкөнүн ар кайсы аймагындагы ондогон тарапташтары аныкталып, суракка алынганын 11-январда билдирди.

Атайын кызмат алардын көрсөтмөсүнө таянып, Ташовдун бийликти басып алуу иш-чараларын уюштурууну каржылаганы боюнча маалымат ырасталганын белгиледи.

Анын жыйынтыгында бийликти басып алуу планына катыштыгы бар экени тастыкталган айрым адамдар кармалганы айтылды.

“М.А.И. аттуу жаран Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча координатордун милдетин аткарып, ар кандай негиздер менен (кандайдыр бир социалдык-экономикалык чыңалуу, ККМ, ЭТТН көйгөйлөрү ж.б.) массалык нааразылык акцияларын өткөрүү үчүн адамдарды чогултуп, уюштурушу керек болгон. Ошондой эле анын милдеттерине акча таратуу жана адамдарды Бишкекке ташууну уюштуруу кирген”, – деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Мындан тышкары АКШдагы жарандардан акча которууларды уюштуруу милдетин алган Талас облусунан К.А.К. аттуу адам да кармалды. Анын атына Имамидин Ташовдон көп суммадагы акча которулган бир канча фактылар катталган.

Ташовдун жашаган жери тинтүүгө алынып, ал жерден чоң суммадагы акча, кымбат баалуу автоунаалар жана баалуу материалдар табылган. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Атайын кызмат Ташов менен Кудайбергеновдун төңкөрүш жасоо аракети аныкталганын, бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алуу”) 1-бөлүгү жана 245-беренесинин (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) негизинде кылмыш иши козголгонун кошумчалады. Ташов менен Кудайбергеновго издөө жарыяланган.

9-январда социалдык тармактарга KG Group компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Имамидин Ташовдун кайрылуусу чыккан. Анда былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. Ташиев муну 10-январда парламенттин жыйынында четке кагып, анын төңкөрүш жасоо аракетине жетиштүү далилдер бар экенин билдирген.

Андан соң Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ташовго карата алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кабарлаган.

Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде былтыр октябрда кармалып, 8-декабрда үй камагына чыккан.

Ал зыяндын ордун он батир жана 52 миллион сомдук коммерциялык жайды муниципалдык мекемеге өткөрүп берип толтурган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17