Аймак

БЕЛАРУСТА БИР КҮНДӨ 60ТАН АШЫК КИШИ КАРМАЛДЫ – КӨБҮ МУРДАГЫ САЯСИЙ ТУТКУНДАР ЖАНА АЛАРДЫН ЖАКЫНДАРЫ

БЕЛАРУСТА БИР КҮНДӨ 60ТАН АШЫК КИШИ КАРМАЛДЫ – КӨБҮ МУРДАГЫ САЯСИЙ ТУТКУНДАР ЖАНА АЛАРДЫН ЖАКЫНДАРЫ

 2,307 Бардыгы /

Беларуста бир күндүн ичинде бери дегенде эле 60 киши кармалды. Алардын көбү мурдагы саясий туткундар же саясий туткундардын жакындары. Бул тууралуу “Вясна” укук коргоо уюму кабарлады.

Уюмдун маалыматына караганда, кармалгандардын айрымдары камалса, айрымдары үйлөрү тинтүүгө алынгандан кийин коё берилди.

Кармалгандардын арасында 76 жаштагы витебсктик демократиялык активист Борис Хамайда бар. Ал 2023-жылы жайында паспортуна Беларустун мурдагы гербинин сүрөтүн чаптап алганы үчүн 15 суткага камалып чыккан.

“Вясна” кабарлагандай, саясатчы Николай Статкевичтин жубайы Марина Адамович да кармалды. Статкевич өзү 2021-жылы декабрда 14 жылга соттолгон. Жакындары дээрлик бир жылдан бери андан кат ала элек. Анын абалы, саламаттыгы жөнүндө эч кандай кабарлары жок.

Укук коргоочулардын айтымында, полициянын кармалгандарга карата толтурган токтомдорунда “Экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоо” жана “Экстремисттик түзүмдөрдүн ишине катышуу” беренелери көрсөтүлгөн. Маалыматтар боюнча, айрым адамдардын кармалышы IneedHelpBY долбооруна байланыштуу. Бул долбоордун мүчөлөрү саясий репрессиялардан жабыркагандарга жана каржылык кыйынчылыктарга кабылгандарга азык-түлүк жактан жардам берип келишет.

9-январда Витебск шаарында оппозиция лидерлеринин бири, жети жылга соттолгон саясий туткун Павел Северинецтин апасы Татьяна Северинец кармалган. Ал өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылгандан кийин сотко чейин үйүнө коё берилген.

2023-жылы ноябрдын аягында Новополоцк шаарында Беларус демократиялык күчтөрүнүн лидери Светлана Тихановскаянын жаштар саясаты боюнча кеңешчиси Маргарита Ворихованын апасы Инесса Ворихова кармалып, 15 суткага камакка алынган.

Ошол эле айда Новополоцк шаарында саясий активист Алексей Трубкиндин 69 жаштагы атасы Анатолий Трубкин үйүндөгү тинтүүдөн кийин кармалган. Андан бир нече апта мурда жазуучу Саша Филипенконун атасы Беларустагы батиринен уурдалып, 13 суткага камалган.

“Вясна” укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, 23-январга карата Беларуста 1 415 киши саясий туткун деп табылган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17