Аймак

ЖЕБЕГЕН САМСАГА АКЫ ТӨЛӨБӨЙМ ДЕСЕҢ, ДОКУМЕНТКЕ ТАК БОЛ!

ЖЕБЕГЕН САМСАГА АКЫ ТӨЛӨБӨЙМ ДЕСЕҢ, ДОКУМЕНТКЕ ТАК БОЛ!

 348 Бардыгы /

Былтыркы жылдын акыркы айында ИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башкы башкармалыгы тарабынан “Ураган” аталышындагы 3 аппарат комплекс бөлүнгөн.

Бул аппараттын бири Бишкек-Ош жана Жалал-Абад облусунда кызмат өтөйт. Экинчиси Жалал-Абад шаарында, ал эми үчүнчүсү Сузак районунун аймагында иш жүргүзөт. Атайын программанын негизинде иш алып баруучу “Ураган” аппаратынын негизинде издөөдө жүргөн, каттоодон чыгарылган, айып пулдары төлөнбөгөн жана ылдамдыкты ашырган унаалар аныкталат.

Аталган рейдге Сузак районунун тургуну Медер Исаев 2021-жылы сатып алган унаасын убагында текшерүүдөн өткөрбөй калгандыгы үчүн учурдагы “Ураган” рейдине кабылып, 35 миң айып пулу бар экенин билген. 2019-жылы машинанын ээси тарабынан айдоочу мас абалында кармалгандыгы үчүн 17 миң айып жазылган, ал айып пул ушул күнгө чейин төлөнбөгөндүктөн анын үстөгү (пейнасы) менен 35 миң болуп кеткен. Мындан улам жебеген самсага акы төлөө менен айрым айдоочуларга кыйын болууда. Биринчи айдоочуга салынган айып пулду эмнеге кийинки айдоочу төлөш керек жана аны кайда төлөйт? -деген сыяктуу суроолор менен КР ИИМдин ЖКККББнын Жалал-Абад облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн адистерине кайрылдык.

Мекеменин үгүт насаат боюнча тескөөчүсү, басма сөз кызматынын милдетин аткаруучу, милициянын лейтенанты Аманали Джолборсалиевдин айтымында айып пул негизи унаа башкаруучуга салынат, бирок унаа номери да катталат. Эгер унааны сатып алганда унаанын документин сатып алуучу өзүнө каттатпаса, ишеним кагаз менен (доверенность) алса, ал өз күнөөсү. Унаанын биринчи, экинчи ээси болобу мамлекетке айып пул төлөнүшү шарт. Бул багытта талаш маселе жаралса, айдоочулар сот аркылуу маселесин чечип алууга болот. Ал эми айып пулдарды документте көрсөтүлгөн код аркылуу терминалдардан төлөсө болот.

Жогорудагы маселе боюнча жеке адвокат Жекшен Арапбаевдин  айтымында сотко кайрылуунун алдында унааны сатып алууда териштирип, тактоо жүргүзүү зарыл. Анткени сотко кайрылганда деле сот “айып пул төлөнсүн” деп гана чечим чыгарарын билдирди. Ошону менен бирге жарандарды ар бир иште документке так болууну эскертти.

Кантсе да бүгүнкү күнгө чейин “Ураган” аппаратынын негизинде облус аймагында ар кандай айыптары менен 160 унаа кармалган. Алардын айып пулдары мамлекеттин казынасына төгүлгөн.

Эскерте кетсек, буга чейин борбордон пландын негизинде гана рейд жүрүп турчу. Мындан кийин “Автоураган” рейд ар дайым жүрүп турарын аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Нургүл АБДЫЛДАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17