Аймак

УКМК ОШ ОБЛУСТУК МИЛИЦИЯСЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫН ПАРА МЕНЕН КАРМАДЫ

УКМК ОШ ОБЛУСТУК МИЛИЦИЯСЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫН ПАРА МЕНЕН КАРМАДЫ

 666 Бардыгы /

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМКнын) басма сөз кызматы Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы АКШнын жаранынан акча талап кылган деп шектелип кармалганын билдирди.

          УКМКнын басма сөз кызматытараткан маалыматка караганда, 2023-жылдын декабрь айынын аягында АКШнын жараны Ош облустук милициянын бөлүм башчысына (К.И.А.) зордуктоо, коркутуп-үркүтүү жана шантаж кылуу фактысы боюнча Кыргызстандын жаранына (М.Н.М.) чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок, ал арыз жазылган адам менен келишип алып, АКШнын жаранынан (Н.Б.) 2 миллион сом талап кылгандыгы аныкталды. Бул факты боюнча дароо кылмыш иши козголуп, милиция кызматкери акчаны ортомчу киши аркылуу алууну көздөгөн. Тергөөдө акчаны алуу үчүн М.Н.М. аттуу жаранды Ош облустук милициянын бөлүм башчысы жеке автоунаасы менен алып келгендиги, ал жогорудагы жаранды кармоодо кылмыш болгон жерден качып кеткендиги дагы такталды.

          Бул кылмыш ишин тергөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы ушул жылдын 13-февралында пара талап кылган деген шек менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17