Аймак

РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВДУН ҮЙҮНӨ АКЫРЫ МӨӨР БАСЫЛДЫ

РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВДУН ҮЙҮНӨ АКЫРЫ МӨӨР БАСЫЛДЫ

 510 Бардыгы /

          Кыргызстандын Түштүк баш калаасында Кыргыз мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары, коррупцияга айыпталып издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн үйүнүн дарбазасына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мөөр басып кетти.

          Ушул тапта атайын кызматтын тергөөчүсүнүн колу коюлган мөөр кагаз дарбазада чапталып турат. Бул батир Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндө жайгашкан. Бул факты туурасында Райымбек Матраимов өзү, же анын жакындары комментарий берише элек.

          Эскерте кетчү жагдай: Райымбек Матраимов 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген. 2020-жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин ал бажыдагы коррупция боюнча айыпталган. Райымбек Матраимовдун бир эле кылмыш иши боюнча келтирилген жалпы зыян 2 миллиард сомду түзгөн. Ал айып акчасын эки ай бою төлөп, көпчүлүгүн мүлк — имарат жана батир түрүндө берген. Экс-бажы кызматкери өз күнөөсүн мойнуна алган. Бишкектин Биринчи май райондук соту ага 260 миң сом айып пул салган.

          Баса, УКМК Райымбек Матраимовдун 34 миллион 810 миң 500 долларлык (3 миллиард 98 миллион 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине алынгандыгын өткөн жумада жар салган.

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17