Аймак

КАРА-СУУДА РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВГО ТИЕШЕЛҮҮ ДЕЛГЕН 26 МҮЛК КАМАККА АЛЫНДЫ

КАРА-СУУДА РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВГО ТИЕШЕЛҮҮ ДЕЛГЕН 26 МҮЛК КАМАККА АЛЫНДЫ

 579 Бардыгы /

          Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда – мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары, эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун кичи мекенинде ага таандык делген 26 кыймылсыз мүлк камакка алынды. Бул туурасында Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын орун басары Мухамедали Мамашев билдирди. Анын сөзүнө караганда, камакка алынган мүлктүн арасында “Исмаил ата” атындагы мечит, “Исмаил ата” чайканасы дагы бар.

          Мухамедали Мамашевдин сөзүн караганда, атайын кызматтын 2024-жылдын 19-январдагы 487-номурлуу каты менен Кара-Суу районунда мамлекеттик каттоодон өткөн 26 мүлк бирдиги ушул тапта камакта турат. Булардын арасында менчик үйлөр, мамлекеттен үлүшкө алган жерлери дагы бар. УКМК буга дейре Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү Ош шаарындагы үйгө дагы 14-февралда мөөр басып кеткен. Турак жай Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндө жайланышкан. Райымбек Матраимовго тиешелүү деп айтылган Оштогу JAMBY бизнес борбору дагы жакында эле жабылып, кайра иштей баштагандыгын ошол жерде эмгектенишкен бир канча адам тастыктады. Бирок, ал кандай себептер менен жабылып, ачылгандыгы туурасында расмий маалымат жок.

          Ошентип, УКМК Райымбек Матраимовдун 34 миллион 810 миң 500 долларлык (3 миллиард 98 миллион 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекетти менчигине алынгандыгын шардана кылды. Булардын арасында  Бишкек менен Ош шаарларындагы кымбат баалуу үйлөр, коммерциялык имараттар, Чүй жана Ош облусундагы эки бажылык каттоо жери дагы көрсөтүлгөн. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө «Мафия түзгөн» деп айыптаган. Райымбек Матраимов ушул тапта өзү каякта экендиги белгисиз. Анын бир тууган акеси – Жогорку Кеёештин депутаты Искендер Матраимов журналисттерге берген комментарийинде «Бардык мүлк Райымбек Матраимовдуку дей берген туура эмес!» экендигин айткан.

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17