Аймак

ОШ – РАЗЗАКОВ АВТОУНАА ЖОЛУНУН ЖЭЭГИНДЕ 89 МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШ АНЫКТАЛДЫ

ОШ – РАЗЗАКОВ АВТОУНАА ЖОЛУНУН ЖЭЭГИНДЕ 89 МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШ АНЫКТАЛДЫ

 462 Бардыгы /

Ош – Раззаков автоунаа жолунун жээгинде мыйзамсыз курулуштар аныкталды. Бул туурасында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

          Расмий маалыматка караганда, Баткен облусунун Кадамжай районунда жайланышкан /ч-Коргон айыл өкмөтү аркылуу өткөн Ош – Раззаков автоунаа жолунун коргоо аймагына чыгып, курулган 89 мыйзамсыз курулуш обьект аныкталды. А буга дейре Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жана айыл өкмөт кызматкерлери тарабынан курулуш обөекттердин ээлерине тиешелүү эскертүүлөр дагы берилген.

          Ошентип, ушул тапта 15ке жакын мыйзамсыз курулуштар жарандардын өз эсебинен бузулуп, жер тилкелери кайрадан калыбына келтирилүүдө. Буга окшогон иш-аракеттер Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Кадамжай районунун башка аймактарында дагы улантылууда.

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17