Аймак

СОТ АДИЛЕТТИГИНЕ ЖАТПАГАН ЧЕЧИМ ЧЫГАРГАН СУДЬЯГА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

СОТ АДИЛЕТТИГИНЕ ЖАТПАГАН ЧЕЧИМ ЧЫГАРГАН СУДЬЯГА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

 783 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абадда сот адилеттигине жатпаган чечим чыгарган судьянын үстүнөн акыры кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

          Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун мурдагы төрагасы К.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Ал 2021-жылдын 17-сентябрында өндүрүшүндө Б.К.нын мыйзамдуу өкүлүнүн жаңыдан ачылган жайдайлар жөнүндө арызы жоктугуна карабастан, сот отурумунун катышуучуларын катыштырбастан туруп, анан дагы сот жыйналышынын протоколдорун түзбөстөн, жалгандан жарандык ишти өзгөчө тартип менен караган.

          Т.Н. Тогуз-Торо райондук сотунун 2021-жылдын 6-июнундагы чечими менен Казарман айылынын Нур-Жайык кичи шаарчасында жайланышкан батирди менчик ээси катары К.Т.ны табуу жөнүндөгү чечимин өзүнүн сот адилеттигине жатпаган аныктамасы менен жокко чыгарып, ошол эле жылы декабрь айында аталган батирге Ж.М.ди менчик ээси катары каттоону Кадастрга милдеттендирген. Соттун мурдагы төрагасы К.Н.дин жогорудагы сот адилеттигине жатпаган мыйзамсыз соттук актылары жогору турган соттук инстанциялар тарабынан жокко чыгарылды.

          Ошентип, текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун мурдагы төрагасы К.Н.ге карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 352-беренеси (сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү УКМКга тапшырылды.

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17