Аймак

ОШ ШААРЫНЫН ЧЕТИНДЕГИ ЖАҢЫ КОНУШТАР МЫНДАН АРЫ ӨНҮКТҮРҮЛӨТ

ОШ ШААРЫНЫН ЧЕТИНДЕГИ ЖАҢЫ КОНУШТАР МЫНДАН АРЫ ӨНҮКТҮРҮЛӨТ

 504 Бардыгы /

Ош шаарынын мэриясында Швейцария элчилигинин колдоосу аркасында каржыланып жаткан «Аракет» долбоорунун алкагында түзүлгөн координациялык кеңештин отуруму өткөрүлдү.

          Аталган жыйында долбоорго кирген муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы, Алай-1, Алай-2, Эдельвейс жаңы конуштарынын маселелери кенен-чонон талкууланып, соңунда быйылкы жылга «Эдельвейс» конушунда жаңы суу насосун орнотуу, «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгында балдар ойноочу аянтчаларды куруу, бул боюнча тиешелүү иш кагаздарды даярдоо милдеттери кабыргасынан коюлду.

          Ошентип, «Аракет» долбоорунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шаар четинде жашаган жарандарга жашоо-шарттарын заманбап жакшыртууга, ошондой эле аларга жагымдуу шарттарды түзүлүп, тиешелүү колдоолор көрсөтүлмөкчү. Баса белгиленгендей, бул долбоордун программасы 8 жылга мерчемделеген.

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17