Аймак

КЕҢЕШКЕ ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ АКТИВДЕШТИ

КЕҢЕШКЕ ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ АКТИВДЕШТИ

 429 Бардыгы /

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш Айыл Өкмөтүндө ичтен жана тыштан инвестиция тартуу жагы абдан активдешти. Бул туурасында айыл өкмөттүн башчысы Пахыридин Асаналиев ачыктады.

          – Республикалык бюджеттен 33 818 891 сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 175 миң сом бөлүнүп, жамаааттан дагы 500 миң сом чогултулуп, Арбын айылына Жеткинчек-Кеңеш балдар бакчасы курулуп, пайдаланууга тапшырылды. КАДК коомдук фондунан 800 миң  сом, жергиликтүү бюджеттен 175 миң сом сарпталып, Ден соолуктру чыңдоо борбору ремонттолуп, толук кандуу ишке киришти, – деди   Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн  башчысы Пахыридин Асаналиев. – Ал эми Фейр Энд састайн фонду 2 миллион, жамаат 200 миң сом, Азык-Түлүк Программасы уюму 480 миң сом сарпташып, Арбын таза суу бекетинин айланасы бүтүндөй тосулуп, ага хлоркана жана фильтр кошо орнотулду.

          … Аттиң… Өлкөбүздөгү башка Айыл Өкмөттөрү деле «Алма быш! Оозума түш!» дешип жамбаштап жатышпастан, Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнөн үлгү алышпайбы десең…

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17