Аймак

ОШ ШААРЫНЫН ТАПТАКЫР КАРАЛБАЙ КАЛГАН ЭКИ КӨЧӨСҮ ЭМИ ТОЛУК БОЙДОН ОҢДОЛОТ

ОШ ШААРЫНЫН ТАПТАКЫР КАРАЛБАЙ КАЛГАН ЭКИ КӨЧӨСҮ ЭМИ ТОЛУК БОЙДОН ОҢДОЛОТ

 705 Бардыгы /

          Кыргызстандын Түштүк башкалаасында көптөгөн жылдардан бери таптакыр эле каралбай калган эки көчө мындан ары толук кандуу  оңдолот. Бул туурасында калаанын мэри Бакытбек Жетигенов шардана кылды.

Ошентип, жалпы узундугу 1,8 чакырымга созулган Ош шаарынын Амир-Тимур (мурдагы Калинин) жана 2,4 чакырымдык Абдыманап Мамыров көчөлөрү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов жолдордун учурдагы ал-акыбалы менен жеринде таанышып чыгып, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине баштапкы иштерди жасоо үчүн зарыл болгон жумуштарды чукул арада бүткөрүүнү катуу тапшырды.

Айтмакчы, аталган эки көчөнү мындан ары кеңейтүү, жаңыдан асфальт төшөө, ирригациялык тармактарды оңдоо, тротуарларды куруу, жарыктандыруу жана жашылдандыруу боюнча бардык иштер аткарылат. Жолдун курулушу быйыл май айында баштаалары күтүлүүдө. Мэрия буга канча каражат кетээри такталып жаткандыгын баса белгиледи. Анткени сметалык долбоору алигүнчө жасалып бүтө элек.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17