Аймак

ТҮРКИЯ ТАЖИКСТАНДЫКТАР ҮЧҮН ВИЗА РЕЖИМИН КИРГИЗДИ

ТҮРКИЯ ТАЖИКСТАНДЫКТАР ҮЧҮН ВИЗА РЕЖИМИН КИРГИЗДИ

 3,723 Бардыгы /

Режеп Тайып Эрдоган 5-апрелде кол койгон жарлыкка ылайык Тажикстандын жарандары мындан ары Түркияга сапар аларда элчиликтен же консулдуктан виза алууга тийиш.



“Азаттык” кабарлагандай, Тажикстандын бийлиги бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Түрк басылмалары Анкаранын мындай чечими Москва облусундагы “Крокус Сити Холл” борборуна кол салууга шек саналып кармалгандардын тажикистандык экени жана алардын кеминде бирөө Түркиядан учуп барганы себеп болгонун жазышууда. Жыл башында Стамбулда беткапчан эки адам таат окулуп жаткан маалда католиктердин чиркөөсүнө кол салган. Түрк бийлиги алардын бирөө тажикстандык, экинчиси орусиялык экенин билдирген.

Тажикстан менен Түркиянын ортосунда визасыз режим 2018-жылы киргизилген. Тажик жарандары Түркияда 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышчу. Түркия Орусия менен Казакстандан кийин тажикстандыктар эң көп эмгектенген үчүнчү өлкө болуп эсептелет. Расмий эмес маалыматтар боюнча, Түркияда жети миңге жакын тажикстандык иштейт.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыс Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кылмышка шек саналган 11 киши кармалганын кабарлаган, алардын 10у камакка алынган. Эки айга камалгандардын сегизи тажикстандык, бирөө кыргызстандык орус жараны экени белгилүү болгон. 3-апрелдеги маалыматка караганда, каза болгондор 144кө жетти, жараат алгандар кеминде 380 адам.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17