Аймак

ЖАРДАН КУЛАП ПАПАН СУУ САКТАГЫЧЫНА ТҮШҮП КЕТКЕН КИШИ КУТКАРЫЛДЫ

ЖАРДАН КУЛАП ПАПАН СУУ САКТАГЫЧЫНА ТҮШҮП КЕТКЕН КИШИ КУТКАРЫЛДЫ

 570 Бардыгы /

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына жардан кулаган киши куткарылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 25 жаштагы А.К. аттуу эркек киши Кара-Суу районунда жардан капысынан кулап, андан ары суу сактагычтын аймагынан таптакыр чыга албай калган. Жерине Кара-Суу районунан төрт куткаруучу тартылып, жабырлануучуну эптеп чыгарып, андан ары Тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Ушул тапта куткарылган адамдын ал-акыбалы жакшы экендиги кошумчаланды.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17