Аймак

«ЖАЛАЛ-АБАД» САНАТОРИЙИ МЕНЕН «ОШ» ПАНСИОНАТЫ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ

«ЖАЛАЛ-АБАД» САНАТОРИЙИ МЕНЕН «ОШ» ПАНСИОНАТЫ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ

 324 Бардыгы /

Кыргызстандщын Түштүк жергесиндеги «Жалал-Абад» санаторийи менен «Ош» пансионаты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул туурасында Президенттин жана министрлер кабинетинин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев маалымдады.

Каныбек Туманбаев жаңы жетекчиликке курортту заман талабына ылайык өнүктүрүү тапшырмасы берилгендигин дагы кошумчалады. Анын айтымында, бир кылымдан ашык кызмат кылып келе жаткан курорт жаңыланууга муктаж, ошентсе дагы профсоюздар федерациясынын башка мүлктөрүнө салыштырмалуу абалы жакшыраак.

– Биринчи кезекте курортто санариптештирүү иштерин жүргүзүп, электрондук төлөмгө өткөрөбүз. Накталай төлөм жүргүзүү, же өзүнчө касса деген түшүнүк жок болот. Бул кадам түшкөн каражаттардын сол чөнтөккө кетүүсүнө бөгөт коет, — деди Президенттин жана министрлер кабинетинин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев.

Ошондой эле Каныбек Туманбаев «Ош» пансионатынын жерлерин мурдагы жетекчилери, экс-депутат жана башка адамдар менчиктештирип алышкандыгын моюндады. Анын жалпы аянты мурда 21,5 гектар болсо, азыр 17,68 гектар гана жери калган. Мындан тышкары 2,8 гектар жери менен Ош турбазасы дагы мамлекетке кайтарылды.

Эске салчу жагдай: 2023-жылы жайында «Ош» пансионатынын мурдагы директору Маматкарим Койчукулов пансионатты менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугу жөнүндө сураган журналистке кол көтөргөн. Окуянын видеосун Ыдырыс Исаков Facebook баракчасына жарыялаган. Видео тасмадагы далилдерге карабастан милиция кылмыш курамынын жоктугунан бул ишти токтоткон.     

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17