Аймак

ОШ ШААРЫНЫН ТЭЦи МЭРИЯНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛДҮ

ОШ ШААРЫНЫН ТЭЦи МЭРИЯНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛДҮ

 396 Бардыгы /

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ош шаарынын ТЭЦинин (жылуулук электр борборунун) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагына өткөрүү Жарлыгына кол койду.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, «Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына ылайык, министрлер кабинетине бир катар тапшырмалар берилди.

Ошентип, Энергетика министрлигине караштуу «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасын кайра уюштурулат. Ош шаарындагы ТЭЦтин активи, каржылоосу, штаттары менен кошо мэриянын балансына өткөрүлөт. 2028-жылга чейин жылуулук менен жабдуучу ишканаларды субсидиялоо токтотулат. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясына киргизүүгө багытталган мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17