Аймак

ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ

ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ

 870 Бардыгы /

          Жалал-Абад облустук транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Кара-Көл секторунун башчысы С.И.Ж. пара алып жаткан жеринен  УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

        Маалыматта айтылгандай, УКМК мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында айдоочулук күбөлүккө квалификациялык экзамендерди кабыл алууда курсанттардан системалуу түрдө акча каражаттарын алуу боюнча  коррупциялык фактыларды аныктады. Тактап айтканда,  Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Кара-Көл секторунун башчысы С.И.Ж. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, опузалап пара алуу максатында курсанттарга практикалык экзамендерди кайра тапшыруусу үчүн жасалма шарттарды түзгөн.

        Мындан улам, 2024-жылдын 8-апрелинде УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык  «Пара талап кылуу» боюнча  козголгон кылмыш ишинин алкагында курсанттан кезектеги параны алып жаткан учурда мекеменин жетекчиси С.И.Ж. кармалды.  Аталган жаран учурда Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери кызуу жүрүп жатат.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17