Аймак

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ: «ЗАРДАЛЫ АЙЫЛЫНА ЧЕЙИН БИР ТИЛКЕЛҮҮ ЖОЛ САЛЫНАТ!»

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ: «ЗАРДАЛЫ АЙЫЛЫНА ЧЕЙИН БИР ТИЛКЕЛҮҮ ЖОЛ САЛЫНАТ!»

 480 Бардыгы /

          Баткен облусунун эң алыскы Зардалы айылына чейин жакын арада бир тилкелүү гана мжол салынат. Анын долбоору жасалып башталды. Бул туурасында  президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасында ачыктады.

        Президент Садыр Жапаровдун айтымында, аталган жол эмдиги жылдын бюджетине дагы киргизилип, жаздын алды менен иш башталат.

        – Бирок, тилекке каршы, бир тилкелүү эле жол болот. Эки тилке кылууга мүмкүн эмес! Анткени, Зардалыда жалаё аскалуу жерлери бар экен. Кулап кетүү коркунучу чоё. Жол кыймылындагы коопсуздук үчүн бир тилкелүү жолдун ар кайсыл жерине каршы келе жаткан унааны өткөрүп жиберүү үчүн “чөнтөкчөлөр” кошо жасалат. – деп кошумчалады президент Садыр Жапаров. – Бирок, азырынча «Жоктон көрө – жогору» дегендей, бир тилкелүү жол салып туралы. Зардалыга жол мамлекеттин коопсуздугу үчүн сөзсүз зарыл!

        Бирок, аталган трассаны ким салат жана каражатын ким көтөрөт? Ммамлекет башчысы ачыктаган жок!

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17