Аймак

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮГҮНДӨ САНАРИПТЕШТИРҮҮ БОЮНЧА ЖАШТАР ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮГҮНДӨ САНАРИПТЕШТИРҮҮ БОЮНЧА ЖАШТАР ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ

 549 Бардыгы /

          Өлкөбүздүн Түштүк аймактарында санариптештирүү боюнча республикалык жаштар форуму өтүп жатат. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

        Маалыматка караганда, аталган иш-чара 15-апрелде башталды. Эми  дагы 19-апрелге чейин улантылат. Ошентип, аталган Форум идеяларды алмашуу жана өлкөнүн санариптик трансформациясынын актуалдуу маселелерин ачык талкуулоо аянтчасына айланат. Иш-чаранын алкагында кызыктуу талкуулар, ошондой эле мастер-класстар дагы жүрөт.

        Жаштар форуму 15-апрелде Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында өткөрүлсө, ал эми 17-апрелде Ош шаарында, андан кийин Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик университетте уюштурулмакчы.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17