Аймак

УКРАИНАДА ЗЕЛЕНСКИЙГЕ КОЛ САЛУУНУ КӨЗДӨГӨН ЭКИ ПОЛКОВНИК КАМАККА АЛЫНДЫ

УКРАИНАДА ЗЕЛЕНСКИЙГЕ КОЛ САЛУУНУ КӨЗДӨГӨН ЭКИ ПОЛКОВНИК КАМАККА АЛЫНДЫ

 2,958 Бардыгы /

Украинанын Коопсуздук кызматы президент Владимир Зеленскийге кол салууну көздөгөн Мамлекеттик күзөт башкармалыгынын эки полковниги камакка алынганын билдирди.

Маалыматта кол салууну даярдоого катышкан Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) беш агенти да аныкталганы белгиленген.

Мекеменин маалыматына караганда, алар украин президенти Владимир Зеленскийди, өлкөнүн аскердик-саясий жетекчилигинин башка да өкүлдөрүн жок кылуу планын түзүп, көзөмөлдү Москвадан жүргүзүп турушкан. Кармалган эки украин жараны Орусияга купуя маалыматтарды берип турганы кабарланды.

Билдирүүдө Зеленскийди кайтарган адамдарга жакын аскер кызматкерлерин издеп, кийин алар аркылуу президентти барымтага алып, өлтүрүүнү көздөшкөнү, Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюкту, Башкы чалгын башкармалыгынын башчысы Кирилл Будановду да жок кылууга аракет кылышканы жазылган.

Өткөн айда Зеленскийди Польшага барганда өлтүрүүнү пландаган польшалык жаран кармалганы кабарланган.

Былтыр августта Зеленскийдин Николаев облусуна иш сапары учурунда ага кол салууну көздөгөн орусиялык аял колго түшүрүлгөнү белгилүү болгон.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17