Аймак

КЫЗЫЛ-КЫЯДА СОЙКУЛУККА ШЕКТЕЛИП ЭКИ АЯЛ КАРМАЛДЫ

КЫЗЫЛ-КЫЯДА СОЙКУЛУККА ШЕКТЕЛИП ЭКИ АЯЛ КАРМАЛДЫ

 1,656 Бардыгы /

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын манзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Кызыл-Кыя ШИИБсынын экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өкүлдөрү ыкчам маалыматтардын негизинде биргеликте жүргүзгөн иштиктүү аракеттин аркасында Кызыл-Кыя шаарындагы мейманкалардын биринде эки бөлмөдө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 42 жаштагы тургуну Ш.Т.(аял киши) жана Кызыл-Кыя шаарынын 42 жаштагы тургуну А.Н.(аял киши) сойкулук амалдарын жүзөгө ашыруу учурунда кармалышты.

Кармалган учурда алардын жанынан нымдуу салфеткалар, презервативдер жана акчалар кошо алынды. Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБсынын КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ошентип, кылмышка түздөн-түз тиешеси бар сыёары кармалган Ш.Т. менен А.Н. убактылуу кармоо жайына киргизилип, ушул тапта тергөө жараяны абдан кызуу жүрүп жатат.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17