Аймак

МУЖТАЖ ЭМЕС ЖАРАНДАРГА ЖӨЛӨКПУЛДАРДЫ ЧЕГЕРГЕН СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КЫЛМЫШ ИШТЕРИ КОЗГОЛДУ

МУЖТАЖ ЭМЕС ЖАРАНДАРГА ЖӨЛӨКПУЛДАРДЫ ЧЕГЕРГЕН СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КЫЛМЫШ ИШТЕРИ КОЗГОЛДУ

 1,638 Бардыгы /

ОШ. Ош областынын прокуратура органдары тарабынан Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагында муктаж жарандарга  (үй-бүлөлөргө) социалдык контракттын негизинде берилүүчү социалдык жардамдардын, ошондой эле жөлөкпулдардын чегерилүүсүнүн мыйзамдуулугуна карата текшерүүлөр уюштурулуп, жыйынтыгы менен одоно бузуулар аныкталган.

КРдин Башкы прокуратурасынын  маалымат кызматы билдиргендей, жогоруда аталган жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдында түзүлгөн социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү жана жергиликтү эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын кызматкерлери кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып,2022-2023-жылдары бул чөйрөдөгү ченемдик укуктук актынын талаптарын бузуу менен социалдык жардам алууга иш жүзүндө муктаж болушпаган жарандаргамыйзамсыз түрдө жөлөкпулдар берилген.

Бул мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке жалпы 5 млн. 940 миң 692 сомдук зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча прокуратура органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иштер козголуп, тергөө органдар тарабынан тергелүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17