Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА АКЫЛДУУ ЭСЕПТЕГИЧТЕР ОРНОТУЛГАН АЙМАКТАРДА ЖОГОТУУЛАР ТӨМӨНДӨДҮ

ЖАЛАЛ-АБАДДА АКЫЛДУУ ЭСЕПТЕГИЧТЕР ОРНОТУЛГАН АЙМАКТАРДА ЖОГОТУУЛАР ТӨМӨНДӨДҮ

 6 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тапшырмасына жана көзөмөлүнө ылайык, “КУЭТ” ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан электр энергиясынын жоготууларын азайтуу жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо багытындагы иштер жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын маалымат кызматы билдиргендей, 2025-жылы Сузак жана Базар-Коргон райондорунда, Майлуу-Суу жана Кара-Көл шаарларында жалпы 78 миң 500 даана 1-фазалуу жана бардык район электр тармактарында 4 миң 745 даана 3-фазалуу эсептегичтер орнотулду.

Акылдуу эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөгө, мыйзамсыз кошулууларды аныктоого, дебитордук карыздарды азайтууга жана эң негизгиси — электр энергиясынын жоготууларын төмөндөтүүгө чоң жардам берет.

 2025- жылы “КУЭТ” ААКнын “Жоготууларды кыскартуу” боюнча буйругуна ылайык, Жалал-Абад электр тармактар ишканасында пилоттук долбоор ишке ашырылып, 10 кВ аба чубалгылары реконструкцияланып, СИП-2 жана СИП-3 өзүн- өзү көтөрүүчү зымдары тартылды.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында бир катар фидерлерде жоготуулар кыйла азайды.

– “Чолок-Терек” фидеринде 20,5 % -15,3 %;

– “Таштемиров” фидеринде 14,8% – 6,7%;

-“ГЭС” фидеринде 19,3% – 12,4% жоготуу азайды.

Бул көрсөткүчтөр акылдуу технологиялардын энергетика тармагындагы эффективдүүлүгүн дагы бир жолу далилдеп, жоготууларды азайтуу менен бирге электр энергиясын туруктуу жана сапаттуу жеткирүүгө шарт түзүүдө.

2026-жылы Сузак районунун Көк-Арт аймагына, Ноокен жана Токтогул райондоруна, Таш-Көмүр шаарына 65 миң даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда. Аталган жумуштар 2026- жылдын аягына чейин ишке ашырылат.

Санариптешкен система — так көзөмөлдүн, туруктуу камсыздоонун жана аз жоготуунун негизги кепилдиги.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17