Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
2,788 Бардыгы / Куткаруучулар деле кырсык болгон жерге жете албай жатышат. Жалпысынан 40ка жакын издөө тобу аба ырайынын суугуна карабай түнү менен ишин улантты. Иранда президент Эбрахим Раиси бараткан тик учак аба ырайынын айынан жерге араң барып конууга мажбур болгонун 19-майдын кечинде өлкөнүн ички иштер министри Ахмад Вахиди билдирген. Окуяны “кыйынчылык менен конуу” деп атаган министр […]
2,789 Бардыгы / Куткаруучулар деле кырсык болгон жерге жете албай жатышат. Жалпысынан 40ка жакын издөө тобу аба ырайынын суугуна карабай түнү менен ишин улантты. Иранда президент Эбрахим Раиси бараткан тик учак аба ырайынын айынан жерге араң барып конууга мажбур болгонун 19-майдын кечинде өлкөнүн ички иштер министри Ахмад Вахиди билдирген. Окуяны “кыйынчылык менен конуу” деп атаган министр […]
КУТКАРУУЧУЛАР ИРАН ПРЕЗИДЕНТИ ОТУРГАН ТИК УЧАКТЫ ИЗДЕП ЖАТЫШАТ
20.05.2024 / Автор anarkan_kg2,790 Бардыгы /
Куткаруучулар деле кырсык болгон жерге жете албай жатышат. Жалпысынан 40ка жакын издөө тобу аба ырайынын суугуна карабай түнү менен ишин улантты.
Иранда президент Эбрахим Раиси бараткан тик учак аба ырайынын айынан жерге араң барып конууга мажбур болгонун 19-майдын кечинде өлкөнүн ички иштер министри Ахмад Вахиди билдирген.
Окуяны “кыйынчылык менен конуу” деп атаган министр куткаруучулардын ал жерге жетүүсү оор болуп жатканын белгилеген.
Президентти коштоп дагы эки тик учак жүргөнү, алар бара турган жерине аман жеткени маалымдалды.
IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, Раиси отурган тик учакта тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору жана башка жергиликтүү жетекчилер да бараткан.
Куткаруучулар окуя болгон жерге жетүү аракетин көрүп жатышканы, окуяга калың туман себеп болгону, бул аймак тоолуу жана токойлуу жер экени кабарланды.
Окуя Ирандын борбору Тегеран шаарынан 600 чакырым түндүк-батыш тараптагы, Азербайжан менен чек ара тилкесиндеги Чыгыш Азербайжан деп аталган провинциянын Жулфа шаарынын аймагында болду.
IRNA агенттигинин соңку маалыматына караганда, куткаруучу тик учак окуя болгон жерге барып, бирок калың тумандын айынан коно албай, кайра кайтты.
Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү.
Fars News агенттиги ирандыктарга кайрылып, Раисинин амандыгы үчүн сыйынууга чакырды.
Мамлекеттик телеканалдар Ирандын Министрлер кабинетинин мүчөлөрү Тебриз шаарына жөнөшкөнүн маалымдады.
Раиси 19-май күнү эртең менен Азербайжанга барып, бул өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен чогуу плотинанын ачылышына катышкан. Бул эки өлкө Аракс дарыясына курган үчүнчү плотина.
Tasnim мамлекеттик маалымат агенттиги президентти коштоп жүргөндөрдүн бири байланышка чыкканын кабарлап, демек, тик учактын жүргүнчүлөрү тирүү деген божомолун жазган.
Mehr агенттиги президент аман экенин, машина менен Тебриз шаарына жөнөп баратканын жазган, бирок кайра ал кабарын өчүрүп салды. Тебриз Жулфадан болжол менен 130 чакырым аралыктагы шаар.
Катаал саясатчы катары таанылган 63 жаштагы Раиси Ирандын президенти болуп 2021-жылы шайланган. Ал 1988-жылы Иран-Ирак согушунун соңунда миңдеген саясий туткунду жапырт өлүм жазасына тартууга катышкандыгы үчүн АКШнын санкциясына кабылган. Раиси жогорку руханий лидер Али Хаменеинин жакын санаалаштарынын бири экени белгилүү.
Ирандын мыйзамдары боюнча, эгер президент каза болсо өлкөнү башкаруу милдети биринчи вице-президентке өтөт. Курамына Ислам кеңешме ассамблеясынын төрагасы, сот бийлигинин башчысы жана биринчи вице-президент кирген кеңеш жаңы президентти шайлоону 50 күн ичинде уюштурушу зарыл. Азыр Ирандын биринчи вице-президенти кызматын 69 жаштагы Мохаммад Мохбер аркалоодо.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
10.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫЗ-КЕЛИНДЕР АРАСЫНДА ВОЛЕЙБОЛ ОЮНУ БОЮНА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg АВТОЭЭНБАШТЫК ЖАСАГАН АЙДООЧУГА 15 МИҢ АЙЫП САЛЫНДЫ
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.