Аймак

МИСТЕ ТОКОЙЛУУ ЖЕРГЕ КУРУЛУШ КУРГАН АДАМ АЙЫПТАЛДЫ

МИСТЕ ТОКОЙЛУУ ЖЕРГЕ КУРУЛУШ КУРГАН АДАМ АЙЫПТАЛДЫ

 1,029 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарынын мисте токойлуу жерин өз билемдик менен ээлеп алып, ага мыйзамсыз капиталдык курулуш курган жактарга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КРдин Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдирди.
Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан шаар курулуш мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, текшерүүдө Жалал-Абад шаарынын Аюб-Тоо кыркасынан 182 чарчы метр жер аянты Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан Н.К. аттуу жаранга жеңил типтеги курулуш куруу максатында ижарага берилгендигине карабастан, Н.К. жалпы 645 чарчы метр мисте токойлуу жер аянтын өзүм билемдик менен ээлеп, ага капиталдык курулуш (эс алуучу жай) куруп, анын натыйжасында мамлекетке жалпысынан 2 млн.292 миң сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан КР КЖКнын 212-1-бер.(жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол бербөө боюнча чараларды көрбөө) жана 212-бер.(бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгына жиберилди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17