Аймак

НООКЕНДЕ КАЙРАДАН СЕЛ ЖҮРДҮ

НООКЕНДЕ КАЙРАДАН СЕЛ ЖҮРДҮ

 252 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Ноокен районунун Тоскоол жана Кызыл-Жылдыз айылдарында сел жүрдү. Окуя мындан бир күн мурун кечки саат 21:40 чамасында орун алган.

Алдын ала маалыматка ылайык, селдин кесепетинен Бишкек – Ош унаа жолунун болжол менен 523-524-чакырымдарына тоскоолдук жаралган.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн куткаруу кызматынан ыкчам топ жана жарандык коргонуу кызматы тартылып, тийешелүү жумуштар жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин да 18-июнда  аталган райондун Эски-Кочкор-Ата, Бостон айылдарын сел каптап, анын кесепетинен 300 жаран эвакуация болуп, бир өспүрүм каза тапкан болчу.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17