Аймак

ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ

ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ

 1,416 Бардыгы /

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылы мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында өткөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Быйылкы окуу жылында эң көп упай 234 болду.

Анда эң жогорку 234 упайды  Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу Аминат Гордаева менен Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү Максат Оморов жана Талас облусундагы “Мээрим-Себат” Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин окуучусу Эльнура Эркинбекова алды.

Ошондой эле министрлик, тестирлөөдө  жалпы 56 окуучу эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болгонун билдирди. Алар Бишкек шаарынан 34, Чүй облусунан 7, Ош шаарынан жана Ош облусунан 6, Жалал-Абад облусунан 3, Нарын облусунан 3, Талас облусунан 2 жана Баткен облусунан 1 окуучу.

Эске салсак, өткөн жылы жалпы республикалык тестирлөөдө  эң жогорку упай 236ны түзгөн. Ал эми “Алтын сертификат” алуу укугуна 54 окуучу ээ болгон.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17