Аймак

ТӨРАГА АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШ ШААРЫНДАГЫ СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШИНИН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

ТӨРАГА АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШ ШААРЫНДАГЫ СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШИНИН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

 372 Бардыгы /

Кыргыз Респрубликасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарындагы селдин кесепеттери менен жеринде таанышты. Төрага күн мурун сел каптаган Ош шаарынын борбордук базарын кыдырып чыгып, жапа чегишкен ишкерлер менен дагы жолугушту.

Ушуга улай Акылбек Жапаров тиешелүү органдарга селдин кесепеттерин чукул арада жоюу боюнча бир катар тапшырмаларды дагы берди. Андан соң жумушчу сапарынын алкагында шаарда болгон селдин кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жаңы-Маала айылындагы Ахмаджан-Ата көчөсүн, борбордук базардын жана Алишер Навои атындагы эс алуу жайдын, ошондой эле Кара-Сымак жана Бодур-Таш айылдарын дагы өз көзү менен көрүп чыкты. Акылбек Жапаров Ош шаарынын борбордук базарынын соодагерлери менен сүйлөшүп, алардын суроолоруна ачык жоопторду кайтарды.

Ош облусунун аймагында селдин кесепеттерин жоюуга – 580 жарандык коргонуу тармагынын өкүлдөрү, ал эми Ош шаарында – 530 адам, аны менен катар 30дан ашык атайын техника тартылды. Сапарынын соёунда минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунда жана Ош шаарында өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча штабдын жыйынын өткөрдү. Ушул тапта аткарылып жаткан иштер боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, шаар мэриясы маалымат беришти.

Акылбек Жапаров облустун жана шаардын инфрастүзүмүн токтоосуз түрдө калыбына келтирүү, ошондой эле турак жайларга, социалдык объектилерге жана инфраструктуралык объектилерге жана ишкерлик жүргүзгөн субъекттерге келтирилген зыяндын эсеби боюнча тиешелүү зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Мындан тышкары үйлөрүнөн эвакуацияланган жарандарды убактылуу турак жай менен камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

– Акыркы айларда биз табигый кырсыктарга дуушар болдук, алар тилекке каршы курмандыктарга жана кичинекей балдардын кайгылуу өлүмүнө алып келди. Адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок. Президенттин жана министрлер кабинетинин атынан курман болгондордун жакындарына көңүл айтабыз. Бүгүн селден жабыркаган объектилерди карап чыктым. Базарда иштеген соодагерлерге тиешелүү комиссия түзүлүп, келтирилген зыянды иликтөө зарыл. Ишкерлерди колдоонун механизмдерин иштеп чыгуу зарыл”, – деди ал.

Минкаб төрагасы жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча принципиалдуу чечимдерди кабыл алуу зарылдыгын белгиледи. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  тапшырмаларын кыйшаюусуз аткарууда жер-жерлерде шалаакы иштерди баса белгилеп, бул маселе боюнча тыкыр текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.

– Коопсуздук чараларын максималдуу түрдө күчөтүп, калкты табигый кырсыктардан коргоо зарыл. Акыркы окуялардан сабак ала керек. Жергиликтүү бийлик дарыяларга жакын жайгашкан жерлерди жана сел жүрүүсү мүмкүн болгон кооптуу аймактарда жайгашкан эс алуучу жайларды иретке келтирүү маселелерин тартипке келтирүүсү зарыл! – Кыргыз Респрубликасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Ош жергесине жасаган жумуш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Респрубликасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун  тапшырмасы менен уюштурулган жаратылыш кырсыктарынан каза тапкандарды эскерүү кечесине катышып, аларга багыштап куран дагы окуду.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17