Аймак

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: АК-БУУРА ДАРЫЯСЫН ТАЗАЛАП, ТҮБҮН БЕТОНДОБОСО. СЕЛ КАЙТАЛАНАТ

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: АК-БУУРА ДАРЫЯСЫН ТАЗАЛАП, ТҮБҮН БЕТОНДОБОСО. СЕЛ КАЙТАЛАНАТ

 294 Бардыгы /

Мындай масштабдуу сел  өткөн кылымдын 1993-жылынан тартып болгон эмес! Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сел каптаган Ош шаарындагы базардын соодагерлери менен жолугушууда ачыктады. 

Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы келтирилген чыгымды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте түзүлгөн атайын комиссия иликтеп чыгып, жардам ошого жараша берилээрин дагы убадалады. Бул арада Министрлер кабинетинин търагасына сел агызып кетип, ушул тапта изделип жаткан аялдын күйөөсү келип, жубайын таап алуу \ч\н сууну каналдарга ачпай турууну катуу суранды. Жапаров Папан суу сактагычындагы суунун көлөмү көбөйүп, сууну кармоо чегине жеткендигин эскертти. 

– Бул көрүнүш кайталанбаыы үчүн Ак-Буура дарыясын тазалап, түбүн бетондоо зарыл! Болбосо, баары кайра кайталанат. Европада эмне болуп жаткандыгын өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Машиналарды суу агызып, а т\г\л имараттар талкаланууда. Күн жылып жатат. Ошондуктан мындай нерсе уланат, — деп агынан жарылды төрага Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров атайын комиссия келтирилген чыгымды толук эсептеп, ошого жараша гана жардам көрсөтүлөөрүн убада кылды. Жапаровдун айтымында, дарыянын көптөгөн тилкелеринде жапыз көпүрөлөр курулган. Ошондуктан, сел суусу жээгинен ашып кеткен.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17