Аймак

АРСТАНБАП-АТА: СЕЛ КАПТАГАН АЙМАКТЫН 60%ТАЗАЛАНДЫ

АРСТАНБАП-АТА: СЕЛ КАПТАГАН  АЙМАКТЫН 60%ТАЗАЛАНДЫ

 279 Бардыгы /

Өзгөчө кырдаал министрлиги саат 13:00гө карата сел каптаган Арстанбап-Ата айыл аймагынын 60% тазаланып бүткөрүлгөнүн билдирди.

Тазалоо ишине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 90 куткаруучу, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 554 кызматкер, 14 инженердик техника, 13 атайын техника тартылып, сел каптаган ички чарбалык жолдорду тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө.

Сел суулар каптаган 9 турак жайдын ээлерине Кызыл Ай коому тарабынан гигиеналык каражаттар таратылып берилүүдө.

Жеринде ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов координациялык жумуштарын жүргүзүүдө.

Эске салсак, мындан бир күн алдын саат 18:30 дар чамасында катуу жаан жаап, анын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында катуу сел жүргөн.

Сел 1 оорукана, 5 көпүрө, 1 чакырым ички чарбалык жолду сел каптап, 23 жеңил унааны агызып кеткен.

Мындан улам, селди тазалоо ишине алгач 77 алам кийинки акыркы маалымат боюнча жалпы 664 адам тартылган. Учурда тазалоо иши уланууда. Окуя боюнча кошумча маалымат берилет.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17