Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
277 Бардыгы / Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарынын Туран кичи районундагы жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүүгө айыпталып, муниципалдык жооптуу кызмат адамдары кармалганын 24-июлда билдирди. Маалыматта кармалгандар Ош шаарынын экс-вице-мэри А.Ж.М., Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын экс-башчысы С.А.Э., “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын мурдагы башчысы С.И.Б. жана Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын […]
278 Бардыгы / Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарынын Туран кичи районундагы жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүүгө айыпталып, муниципалдык жооптуу кызмат адамдары кармалганын 24-июлда билдирди. Маалыматта кармалгандар Ош шаарынын экс-вице-мэри А.Ж.М., Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын экс-башчысы С.А.Э., “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын мурдагы башчысы С.И.Б. жана Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын […]
УКМК ОШТОГУ СЕЛ БОЮНЧА МУРДАГЫ ЖЕТЕКЧИЛЕР КАРМАЛГАНЫН БИЛДИРДИ
25.07.2024 / Автор anarkan_kg279 Бардыгы /
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарынын Туран кичи районундагы жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүүгө айыпталып, муниципалдык жооптуу кызмат адамдары кармалганын 24-июлда билдирди.
Маалыматта кармалгандар Ош шаарынын экс-вице-мэри А.Ж.М., Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын экс-башчысы С.А.Э., “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын мурдагы башчысы С.И.Б. жана Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын экс-башчысы Т.А.А. экени, алар УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча Башкы тергөө абагына киргизилгени жазылган.
Ал эми Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш. аттуу жаранга издөө жарыяланган.
УКМКнын билдиришинче, алар кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш.га Ош шаарынын Туран кичи районунун түштүк тарабында жайгашкан, аянты 2,2 гектарга жакын сел сууларын агызуучу каналдын жер тилкесин мыйзамсыз алууга жардам берген.
“Жер тилкесин алгандан кийин И.А.Ш. жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн жардамы жана макулдугу менен атайын техниканы колдонуу аркылуу табигый каналдардын түбүн өз алдынча толтуруу жана тегиздөө иштерин жүргүзүп, кийин жеке турак жай курууга сатуу үчүн тегиз жер аянтын курган. Натыйжада, 2,2 га өлчөмүндөгү бирдиктүү жер тилкеси 30 жер участогуна чектөө жол-жобосунан өтүп, алардын ар бирине жеке менчикке укук жөнүндө мамлекеттик акт берилген. Андан ары жеке баюу максатында И.А.Ш. бөлүнгөн жер тилкелерин үчүнчү жактарга сатып, ал жерде учурда турак жай курулуп жатат”, – деп жазылган маалыматта.
Атайын кызмат билдиргендей, каналдын жоктугуна байланыштуу жаан-чачын учурунда Ош шаарынын Бакыт, Күрөңкеев жана Молодежная көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан турак жайларды суу каптаган. Туран кичи районуна жакын турак жайларды сел алып кетип, жарандардын өмүрүнө коркунуч жаралганы жазылган.
Мунун алдында Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кармалган жетекчилердин бөгөт чарасы 20-июлда Ош шаардык сотунда каралганын, алар эки айга камакка алынганын билдирген.
Жарыяланган инициалдар: А.Ж.М- Ош шаарынын экс-вице-мэри Жасур Азимовдун, С.И.Б – Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ильяс Сансызбаевдин, Т.А.А- Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош аймактык башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Токошевдин жана С.А.Э – Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ашим Семетеевдин аты-жөнүнө туура келет.
14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.
Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрөлөр, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ак-Буура суусунун боюна салынган мыйзамсыз курулуштар, көпүрөлөр, эс алуучу жайлар тазалана турганын, мыйзамсыз курулушка уруксат берген кызматкерлер жоопко тартыларын эскерткен.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
10.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛДЕРИНИН ДОСТУК “НООРУЗ” МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА БИЛЬЯРД БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ БАШТАЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.