Аймак

ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ 311 СЕЛ КЫРСЫГЫ КАТТАЛЫП, АНЫН КЕСЕПЕТИНЕН 22 АДАМ КАЗА БОЛДУ

ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ 311 СЕЛ КЫРСЫГЫ КАТТАЛЫП, АНЫН КЕСЕПЕТИНЕН 22 АДАМ КАЗА БОЛДУ

 171 Бардыгы /

Кыргызстанда жыл башынан бери 311 сел кырсыгы катталып, селдин кесепетинен 22 адам каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка караганда, сел кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу көп болгон. Өткөн жылы 62 сел кырсыгы катталса, бул көрсөткүч быйыл 501% өскөн.

Ошондой эле Мамбетов кырсыктан каза болгондордун 15 и өспүрүмдөр экенин белгилеп, сел кырсыгынын катталуусу боюнча Ош облусу биринчи болуп кеткенин айтты.

” Ош облусунда – 15, Ош шаарында – 5, Жалал-Абад облусунда – 1 жана Баткен облусунда – 1 адам селге агып каза болду. Сел кырсыктарынын катталуусу боюнча Ош облусу биринчи орунда турат. Мында жалпы 37 сел катталган”, – деди Азамат Мамбетов

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17