Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК ЖОЛ БАШКАРМАЛЫГЫНА ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК ЖОЛ БАШКАРМАЛЫГЫНА ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

 195 Бардыгы /

25-июлда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардык жол башкармалыгына асфальт төшөөчү техниканын, экскаватордун жана жүктөгүчтүн ачкычын тапшырылганын Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Анда мэр аталган мекеменин эмгек жамаатына ийгиликтерди каалап, асфальт төшөлө турган шаардын жолдорун, тротуарларын белгиленген мөөнөтүндө бүткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Экскаватор менен асфальт төшөөчү техника 24 млн. 210 миң сомго сатып алынган. Анын 70%ы Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланса, калган 30%ы каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Ал эми жүктөгүч 5 млн. 995 миң сомго жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка сатып алынган.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17