Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: РАЙОН, ШААРЛАРДЫН БАШ ИМАМ-ХАТИБДЕРИ 6 АЙЛЫК ОТЧЁТУН ТАПШЫРДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД: РАЙОН, ШААРЛАРДЫН  БАШ ИМАМ-ХАТИБДЕРИ 6 АЙЛЫК ОТЧЁТУН ТАПШЫРДЫ

 915 Бардыгы /

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков облустун бардык район-шаарларынын баш имам-хатиберинин 6 айда аткарган иштеринин жыйынтыгын укту. Жыйын шаардагы “Мусталый уулу Нуркожо ажы” атындагы ислам маданий борборунда өткөрүлдү. Анда райондун баш имам-хатибдери аткарган иштерин фото-видео, слайд түрүндө тааныштырышты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында мечиттердин эсепттик катоосу, тазалыгы, жамааттар менен жакындан иш алып баруу, жаштар арасындагы терс көрүнүштөрдү жоюу, диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, КР Президентинин №54 жарлыгын ишке ашыруу, эл арасындагы ыксыз чыгымдарды жоюу, КМДБдан жана ДИМКдан келген буйруктар менен тапшырмаларды өз убагында аткаруу, үй-бүлө маселелери, талак ж.б.у.с. бир катар маселелер каралып, көйгөйлөр айтылды.

Облус казысы район-шаарлардын баш имам-хатибдерине дагы да жандуураак иштөө зарылдыгын айтып, “Урматтуу имам-дамлалар, сиздердин ар бириңиздердин кылып жаткан иштериңиздерден Аллахым ыраазы болсун. Бирок дагы да жандуурак иш алып барышыңыздар керек. Мечиттерди каттоо ишинде, эл арасындагы ыксыз чыгымдарды болтурбоо, үй-бүлө баалуулуктары, балдардын тарбиясы, экстремизм жана терроризм, тыюу салынган туура эмес агымдар, жашы жете элек кыздардын эрте никеге туруусу боюнча түшүндүрүү иштерин токтотпошуңуздар керек. Токтогул жана Тогуз-Торо райондоруна да өзгөчө көңүл буруп, жардам беришибиз зарыл. Баарыңыздар билесиздер Токтогул районуна жаш жаңы баш имам-хатиб дайындалды. Бул райондо мечиттерди каттоо ишине жакындан көңүл бурушубуз абзел. Ал эми Тогуз-Торо районунда имамдар жетишсиз. Ошондуктан бул районго башка аймактан имамдарды тажрыйба алмашууга жиберишибиз керек”, – деди.

Саамалык соңунда облус казысы алты айдын отчётун атайын фото-видео жана слайд түрүндө тапшырган имам-хатибдердин аракетин артыкчылык катары баалап, жаңыча иштөөгө басым жасаган имам-хатибдердин ишине ийгиликтерди каалады.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17