Аймак

КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН ЖАШ ТЕСКӨӨЧҮСҮ КАРОО-СЫНАГЫ БЫЙЫЛ КЫРГЫЗСТАНДА ӨТКӨРҮЛӨТ

КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН ЖАШ ТЕСКӨӨЧҮСҮ КАРОО-СЫНАГЫ  БЫЙЫЛ КЫРГЫЗСТАНДА ӨТКӨРҮЛӨТ

 192 Бардыгы /

КМШ өлкөлөрүнүн Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү кароо-сынагы быйыл Кыргызстанда өткөрүлөт. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында башкы башкармалыктын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробековдун төрагалыгынын алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тапшырмасына ылайык, 2024-жылдын 21-24-август күндөрү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин арасында Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн отряддарынын мамлекеттер аралык кароо-сынагын өткөрүү боюнча кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумга Милициянын көчмө кабылдамасын колдоо Ассоциациясынын директору отставкадагы милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Салтанат Омурканова жана кароо-сынагын өткөрүү боюнча комиссиянын курамы катышып, бир канча маселелер талкууланды.

Анда кароо-сынагын өткөрүү учурунда келген коноктордун жана жалпы катышуучулардын коопсуздугун камсыздап, аларды тосуп алуу, коштоп жүрүү багытында ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү, чогулган жаш өспүрүмдөргө жол унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында үгүт-насаат иштерин жүргүзүү менен өлкөбүздүн жетишкендиктери менен кооз жаратылышын даңазалаган жана ИИМдин ишмердүүлүгүн чагылдырган видео тасмаларды көрсөтүү. Кароо-сынагын өткөрүүдө туура чечим чыгарган калыстар тобунун курамын бекитүү жана жалпы иш-мерчемин түзүү багытында бир канча сунуш-пикирлер айтылып, кийинки отурумда толук кандуу чечимдер кабыл алынаары белгиленди.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17