Аймак

КАРА-СУУДА МИЛИЦИОНЕР 100 МИҢ СОМ ПАРА АЛЫП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ

КАРА-СУУДА МИЛИЦИОНЕР 100 МИҢ СОМ ПАРА АЛЫП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ

 225 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда милиция кызматкери пара алып жатканда акыры кармалды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, тартип сакчысы жергиликтүү жаранды «Мал уурдоо боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартам!» деп коркутуп, андан ачык эле ири өлчөмдө акча дагы талап кылган. Ошентип, пара алып жатканда кармалган кайран милиция кызматкери 45 жашта экен. Анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал эми өзү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17