Аймак

ОШ ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ БАЗАРДЫН КУРУЛУШУ КЫЗЫДЫ

ОШ ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ БАЗАРДЫН КУРУЛУШУ КЫЗЫДЫ

 234 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасында жапжаңы муниципалдык базардын курулушу башталды. Ага төрт тарабынан тең жол салынат. Бул туурасында Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев билдирди.

Маалыматка караганда, Бекмамат Осмонов атындагы көчөсүндөгү («Мегаполис» соода борборунун маңдайында) иштин жүрүшүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов буга дейре өзү көрүп чыккан эле.

Ушул тапта курулушту эки нөөмөттө жүргүзүү үчүн электр мамычалары орнотулуп, анан дагы электр чубалгылары тартылууда. Курулуш иштерине 15тен ашык атайын техника тартылды. Базарга төрт тараптан тең жол салынат. Ошондой эле бул жерде соодагерлер үчүн дагы баардык заманбап шарттар түзүлөөрү айтылууда.

Эске салсак, ушул жылдын 14-июлунда Ак-Буура дарыясынан ашып-ташкан суу Ош шаарынын борбордук базарын дагы кошо каптаган. Кийин жапа чегишкен соодагерлер менен кездешкен маалда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев базар коопсуз жайга көчүрүлөрүн катуу убадалаган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17