Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД МАДАНИЯТ ТЕХНИКУМУНУН ДИРЕКТОРУ ПАРАКОРЛУККА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД МАДАНИЯТ ТЕХНИКУМУНУН ДИРЕКТОРУ ПАРАКОРЛУККА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

 306 Бардыгы /

Жалал-Абад маданият техникумунун директору абитуриенттерден пара алып жаткан жеринде кармалгандыгын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМКдан) билдиришти. 

УКМК тараткан расмий маалыматтка караганда, Жалал-Абад маданият техникумунун директору абитуриенттерди техникумга киргизүү үчүн акча талап кылгандыгы баса белгиленген. Ыкчам иликтөө маалында шектүү пара алып жаткан жеринде колго түшүрүлдү. Директордун үстүнөн Кылмыш-Жаза Кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш ишы козголду. А өзү УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Айтмакчы. Жалал-Абаддагы маданият техникумун 1994-жылдан бери жетектеп жүргөн 67 жаштагы Абжалил Таштанов өткөн жылы эле жумушунан кетип, кайра соттон утуп, жетекчилик орлуна кайрадан келген эле.  УКМК тараткан билдирүүдө шектүүнүн аты-жөнү Т.А.Ж. деп берилген.

Transparency International эл аралык уюму коррупциянын деңгээли тууралуу апрелдеги баяндамасында Кыргызстан 100 баллдан 26 упай алган жана 180 өлкөнүн ичинен 141-орунга илинген. 

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17