Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
223 Бардыгы / Кыргызстандын Түштүк башкалаасында жамгыр соңку күндөрдө абдан катуу нөшөрлөп, көз ачырбастан гана жаап салды. Мунун артынан эле катарынан сел дагы жүрүп, Ош шаарынын борбордук базарын тегиз чайпап таштады. Бул табигый кырсыктын чыныгы чоо-жайын Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Руслан АБИБИЛЛАЕВден кенен-чонон сураштырдык. Руслан мырза, азыр, чындыгында, Ош жергесинде иш кайнаган сезон. Андыктан, […]
224 Бардыгы / Кыргызстандын Түштүк башкалаасында жамгыр соңку күндөрдө абдан катуу нөшөрлөп, көз ачырбастан гана жаап салды. Мунун артынан эле катарынан сел дагы жүрүп, Ош шаарынын борбордук базарын тегиз чайпап таштады. Бул табигый кырсыктын чыныгы чоо-жайын Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Руслан АБИБИЛЛАЕВден кенен-чонон сураштырдык. Руслан мырза, азыр, чындыгында, Ош жергесинде иш кайнаган сезон. Андыктан, […]
Руслан АБИБИЛЛАЕВ: АК-БУУРА ДАРЫЯСЫН АТАЙЫЛАП ТАШКЫНДАТЫП, ОШ ШААРЫНЫН БОРБОРДУК БАЗАРЫН СУУ МЕНЕН КАПТАТКАНГА МЕНИН ДЕГЕЛЕ ТИЕШЕМ ЖОК
28.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна225 Бардыгы /
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында жамгыр соңку күндөрдө абдан катуу нөшөрлөп, көз ачырбастан гана жаап салды. Мунун артынан эле катарынан сел дагы жүрүп, Ош шаарынын борбордук базарын тегиз чайпап таштады. Бул табигый кырсыктын чыныгы чоо-жайын Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Руслан АБИБИЛЛАЕВден кенен-чонон сураштырдык.


Руслан мырза, азыр, чындыгында, Ош жергесинде иш кайнаган сезон. Андыктан, дыйкандарга жана фермерлерге сугат суу жетиштүү элеби? Мындан тышкары алар сугат сууну пайдаланган акысын өз убагында гана төлөп жатышабы?
– Башка Аймактарга, албетте, мен жооп бербеймин! Бирок, Ош жергесинде сугат суу дегеле тартыш эмес! Кудайга шүгүр. Биз дыйкандарды жана фермерлерди сураган көлөмдөгү суулар менен эч зарыктырбастан, анан дагы милдеттүү түрдө камсыз кылып келатабыз.
Апрель, май, июнь жана июль айларында жергебизде тынбай жамгыр жаап, артынан сел дагы жүрүп, чындыгында, бизди жүдөттү. Бирок, ошого карбастан эч тыным билбестен абдан катуу иштедик. Айрыкча Ноокат, Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы кесиптештерибиз да кыйналышты. Ошентсе дагы алар буга эптеп чыдашып, сугатка жетиштүү көлөмдөгү сууларды тынымсыз агызышып, 2 метр куб сууну 3 сом 3 тыйындан эле кошпой-этпей саттык. Албетте, башка Аймактарга салыштырмалуу бул абдан арзан баа!
Кашайып жамгыр челектеп жааган маалда Оштун суу тармагынын төбөлдөрү Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычын атайылап ачтырып, ал аркылуу Ак-Буура дарыясын ого бетер ташкындатып, Ош шаарынын борбордук базарын тегиз сууга каптатышкандыгын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Ошту кыдырып жүрүп шардана кылбадыбы. А Сиз буга эмне дээр элеңиз?
– Адатта Папан суу сактагычын жамгырдан мурда атайылап агызып, суунун деңгээлин сөзсүз азайтып турабыз. Анткени, ансыз проблема жаралат. А жанагыл Сиз айткан маалда мурункудай эле ошенткенбиз. Андан ары Ак-Буура дарыясын атайлып агызып, ого бетер ташкындаттырып, сел дагы жүрүп, Ош шаарынын борбордук базарын бүтүндөй сууга каптатканга менин дегеле кымындай тиешем жок! Чындыгында, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев эмоцияга азгырылып айтып ийбедиби. Бирок, жогорудагы окуяга – Ош шаарынын борбордук базарын каптаткан селге тиешеси барлар бүт чукул арада аныкталып, алардын баары тең заматта кармалып, акыры камалышпадыбы.
Руслан мырза, кантсе дагы Сиз дасыккан адис жана бышкан жетекчи эмессизби! Айтыңызчы? Ош жергесинде сугат суу тартыштыгын биротоло-биржаңсыл жайгаруунун жолу бардыр?
– Албетте, бар! Суу саясатын Кыргызстанда ырааттуу жүргүзүү максатында 2022-жылдан тартып мамлекеттик эң чоң Программа жүзөгө ашырылып жаткан чагы. Ошол себептүү биз дагы жер-жерлерде тамчылатып сугаруунун жана автономдуу жамгыр жаадыруунун камын жеп жатабыз.
Дүйнөлүк Банк 23 миллион доллар өлчөмүндө каржылап, Кара-Суу районунда Отуз-Адыр каналын ушул тапта бүтүндөй оңдоп-түзөп атабыз. Ошондо бара-бара Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда сугат суу таңкыстыгы дээрлик жоюлат.
Ал эми Араван-Ак-Буура каналын ЕРӨБ (Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкы) 18 миллион евро өлчөмүндө каржылап, обьектини ыраса кеңейтип-чоңойтуп, аны дагы акыры заманбап мыкты каналга айландырып жатабыз. Мындан тышкары Азия өнүктүрүү Банкы (АБР) жетиштүү өлчөмдө каржылап, Ноокат районундагы Сапарбаев – 1, Сапарбаев – 12 каналдарын ого бетер кеңейтип, андан ары чоңойтуп-узартып, туруктуу нукка салуу аркетиндебиз. Ишы кылып ушул тапта жумуш ыраса кычаган маалда биз жамбаштап жаткан жерибиз жок! Минткенге, дээринен биздин абийирибиз дагы жол бербейт!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор Акбермет Орозалиевна
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
09.04.2025 / Автор anarkan_kg КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ СТРАТЕГИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕР БОЛУП ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ЭАУда ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17






You must be logged in to post a comment.