Аймак

НООКЕНДЕ БИР ҮЙ-БҮЛӨГӨ КАРАКЧЫЛЫККА КИРГЕН 5 ЖАРАН ЭКИ АЙГА КАМАККА АЛЫНДЫ

НООКЕНДЕ БИР ҮЙ-БҮЛӨГӨ КАРАКЧЫЛЫККА КИРГЕН 5 ЖАРАН ЭКИ АЙГА КАМАККА АЛЫНДЫ

 294 Бардыгы /

Ноокенде бир үй- бүлөгө каракчылыкка кирген беш жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда танкы саат 04:11 чамасында Ноокен РИИБне кабар келип түшкөн.

Анда Ноокен районунун Кызыл-Кыргызстан айылынын 1994-жылы туулган тургуну А.А. үйүнүн короосуна кара бет кап кийген белгисиз төрт жаран кирип барып бир нече жолу урушуп, бычак жана тапанчага окшогон нерсе менен коркутуп, колдорун байлашып, оозун скотч менен бекитишип, чөнтөгүнөн 5000 миң сом акчасын жана “Самсунг А03” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алышып, өзүн жерге жаткырып коюшкан.

Андан кийин үйдүн ичине терезе аркылуу киришип үйдүн ээси 1958-ж.т. А. А. жана жубайы 1962-ж.т Т.О., небереси 2011-ж.т. А. А. бир нече жолу денелерине урушуп, бөлмөнүн терезеси аркылуу чыгышып, белгисиз тарапка качып, изин жашырып кетишкен деп билдирген.

Аталган факты “Каракчылык” беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында , кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун 1985-ж.т. М.Р., 1984-ж.т. Ж.Б., жана 1989-ж.т. О.М., 1990-ж.т. К.Ш., 1994-ж.т. А. уулу Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмыш ишине шектүү беш жаран мурда ар кандай оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап соттолгондугу маалым болуп, Ноокен райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17